Меню навигации+

ЖОЛДОШЕВА Лунара Чаткалбековна

zholdosheva

Конституциялык соттун судьясы
1978-жылдын 27-январында Талас шаарында туулган. Кыргызстандын эл аралык университетинин Дипломатия жана эл аралык укук факультетинин жана Кыргыз Мамлекеттик Юридикалык Университетинин Юриспруденция факультетинин бакалавры. Кыргыз Мамлекеттик юридикалык академиясында Сот бийлиги, прокурордук көзөмөл жана адвокатура адистиги боюнча магистратураны аяктаган.

Юридикалык кесипке ээ болгондон кийинки эмгек ишмердиги:
2000 – 2007 гг. – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты;
2007 – 2011 гг. – министрдин жардамчысы, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин юридикалык бөлүмүнүн начальниги;
2011 – 2015 гг. – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Сот-укук маселелери жана мыйзамдуулук боюнча комитетинин бөлүм башчысынын орун басары;
2015 – 2021 гг. – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот–укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин бөлүмүнүн сот-укуктук маселелер боюнча секторунун башчысы;
2021 –2022 гг. – Судьяларды тандоо боюнча кеңештин төрагасынын орун басары;
2021 –2022 гг. – “Медиация улуттук борбору” коомдук бирикмесинин юристи;
с 2022 года – азыркы учурга чейин – Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебине чакырылуучу лектор;
07.12.2022 г. – Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы болуп шайланды.

Кыргыз Аял-судьяларынын ассоциациясынын мүчөсү
2023-жылдан бери Кытай Эл Республикасынын Шаньдун тышкы соода кесиптик колледжинин тышкы байланыштар боюнча Кыргыз Республикасындагы жооптуу адамы болуп саналат.

Класстык чени “Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы кеңешчиси”.
Ардак грамоталар:
– Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун “Ак ниет эмгеги үчүн жана Кыргыз Республикасынын юристтер күнүнүн урматына”;
– Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Көп жылдык ак ниет эмгеги, парламентаризмди жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу үчүн”.
Сыйлыктар:
– “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашырууга кошкон салымы үчүн” “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын отличниги” медалы;
– Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин “Юстициянын отличниги” медалы;
– Башкы прокуратуранын “Өз ара аракеттешүүсү жана кызматташуусу үчүн”медалы;
– “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 70 жылдыгы” юбилейлик медалы.
“Активдүү эмгек ишмердүүлүгү, мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуудагы, экспертизадагы жана даярдоодогу олуттуу салымы үчүн, , курман болгон кыргызстандык жоокерлердин урматына “Эскерүү Китебин” түзгөндүгү үчүн жана Афганистанда курман болгон жоокерлердин үй – бүлөлөрүнүн “Кара Жоогазын” коомдук фондун түзүүдө активдүү катышкандыгы үчүн алкыш жарыяланды.

Үй-бүлѳлүү, үч баласы бар.