Кыргыз РеспубликасыныКонституциялык сотунун төрагасы Э. Осконбаевдин Кыргыз Республикасынын сот тутумунун кызматкерлеринин күнү менен куттуктоосу
Урматтуу Кыргыз Республикасынын сот системасынын кызматкерлери!
Сот бийлиги — укуктук мамлекеттин пайдубалы жана конституциялык тартиптин ишеничтүү кепилдиги. Сиздерге мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуу, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндигин коргоо, коомдо адилеттүүлүктү, мыйзамдуулукту бекемдөө миссиясы жүктөлгөн.
Сиздердин ишиңиздер кынтыксыз кесипкөй компетенттүүлүктү, адеп-ахлактык жогорку жоопкерчиликти жана Конституцияга бекем берилгендикти талап кылат. Калыс жана принципиалдуу чечимдериңиздер аркылуу жарандардын мамлекеттик институттарга болгон ишеними чыңдалат, Мыйзамга болгон сый-урмат мамиле калыптанат жана өлкөнүн укуктук системасынын туруктуулугу камсыздалат.
Учурдан пайдаланып, Сиздерди ак ниет эмгегиңиздер жана сот адилеттигине берилгендик менен өтөгөн кызматыңыздар үчүн терең ыраазычылык билдирем. Сиздердин ар бир чечимиңиздер даанышмандыкка, ички ынанымга жана коом алдындагы жогорку жоопкерчиликти терең түшүнүүгө негизденүү менен кабыл алына берсин.
Сиздерге бекем ден соолук, кесиптик туруктуулук, бакубаттык жана өлкөбүздүн өнүгүү жолунда жаңы ийгиликтерди каалайм.
Урматтоо менен,
КыргызРеспубликасынын
Конституциялык сотунун төрагасы Эмиль Осконбаев






