Меню навигации+

5-май – Кыргыз Республикасынын Конституция күнү!

05.05.2024

Урматтуу мекендештер!

Сиздерди, бүгүнкү, 5-май – Конституция күнү менен Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун атынан чын дилимден куттуктайм!

Конституция – бул кагаз бетиндеги жөн эле документ эмес, ал биздин укуктарды, эркиндиктерди жана милдеттерди аныктоочу мамлекетибиздин негизи. Эркин жана демократиялык өлкөдөгү биздин жашоо-турмушубуздун пайдубалы болуп саналат. Баш Мыйзамдын ченемдерин кыйшаюусуз аткаруу – мамлекеттин экономикалык, социалдык, маданий жана башка тармактарынын андан аркы ийгиликтүү өнүгүшүнүн кепилдиги.

Ушул маанилүү күнү бардыгыбызга Ата Мекенибиздин жалындуу атуулдары болуу менен конституциялык баалуулуктарды сактап жана урматтап, мыйзамдын принциптерин ар дайым бек карманууну каалайм.

Азыркы учурда, биз дүйнө жүзү өзгөрүп жаткандыгын, кандай глобалдык өзгөрүүлөр болуп жаткандыгын көрүп жатабыз, бирок биздин Конституция коомубуздун өнүгүү жана гүлдөп-өсүү жолунда ишенимдүү багыт бойдон кала берет.

Келечек муун мындан да эркин жана адилет коомдо жашоосу үчүн ар бирибиз өлкөбүздүн укуктук маданиятын жогорулатууга жана өнүктүрүүгө өз салымыбызды кошолу.

Майрамыңыздар менен, урматтуу мекендештер! Өлкөбүз ар дайым бекем болуп гүлдөп өссүн!

Урматтоо менен,
Кыргыз Республикасынын
Конституциялык сотунун Төрагасы
Эмиль Осконбаев