Меню навигации+

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун 35 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү

12.12.2025

2025-жылдын 12-декабрында «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун түзүлгөндүгүнүн 35 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чарага мамлекеттик бийлик органдарынын, сот системасынын, билим берүү мекемелеринин жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан куттуктоо сөзү менен Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э.Ж. Байсалов чыгып сүйлөдү. Өз сөзүндө ал Конституциялык соттун Конституциянын үстөмдүгүн камсыз кылуудагы жана өлкөдөгү укуктук туруктуулукту сактоодогу ролун баса белгиледи.

 

Конституциялык соттун Төрагасы Э.Ж. Осконбаев өз кайрылуусунда Конституциялык соттун укуктук практиканын калыптанышына жана конституциялык көзөмөлдүн механизмдерин түзүүгө кошкон салымын белгиледи.

«Конституциялык сот отуз жылдан ашык убакыттан бери укуктук кепилдиктерди ырааттуу түрдө бекемдеп, укуктук мамлекеттин өнүгүшүнө олуттуу салым кошуп келет. Мындан ары да Конституциялык сот өлкөбүздүн туруктуулугунун, адилеттүүлүгүнүн жана укуктук өнүгүүсүнүн бек кепилдиги кызмат кыла берсин», – деп белгиледи  Э. Осконбаев.

 

Куттуктоо сөздөрү менен жогорку сот жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү да чыгышты, анын ичинде Жогорку соттун төрагасынын орун басары Н.А. Мусаев, Омбудсмен Дж.А. Жаманбаева, Конституциялык соттун мурдагы төрагалары Ч.Т. Баекова жана Э.Т. Мамыров, Евразия экономикалык союзунун сотунун судьясы М.Т. Кайыпов, ошондой эле жергиликтүү соттордун төрагалары.

 

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун конституциялык көзөмөл институтун калыптандырууга жана өнүктүрүүгө, ошондой эле региондор аралык масштабда укуктун үстөмдүгүн алдыга жылдырууга кошкон зор салымын белгилеген, чет өлкөлөрдүн конституциялык соттордон Конституциялык соттун дарегине видео куттуктоолор келип түштү.

 

Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту постсоветтик мейкиндикте түзүлгөн конституциялык көзөмөлдүн алгачкы институттарынын бири болгондугун белгилей кетүү керек, бул өлкөнүн демократиялык өнүгүү жолуна жана укуктук мамлекетти калыптандырууга берилгендигин чагылдырат