Анкара шаарында AACC-CTHRD 13-жайкы мектеби өттү

2025-жылдын 5-9-октябрында Анкара шаарында (Түркия) Түркия Республикасынын Конституциялык соту тарабынан уюштурулган Азия конституциялык соттор ассоциациясынын жана ага теңдеш институттардын Адам ресурстарын даярдоо жана өнүктүрүү борборунун (AACC-CTHRD) 13-жайкы мектеби болуп өттү.
Бул жылы программа “Конституциялык-укуктук перспективада үй-бүлөлүк жашоо жана үй-бүлөлүк жашоону урматтоого болгон укук” темасына арналды. Катышуучулар адам укуктарын коргоо, конституциялык баалуулуктарды бекемдөө жана үй-бүлөлүк укуктарды соттук коргоо механизмдерин өркүндөтүү маселелери боюнча тажрыйба жана билимдери менен бөлүшүштү.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунан Жайкы мектептин ишине Соттун аппаратынын кызматкерлери катышып, үй-бүлөлүк мамилелер чөйрөсүндөгү улуттук мыйзамдардын жана эл аралык келишимдердин обзорун, ошондой эле конституциялык көзөмөл органынын бул тематика боюнча укуктук позицияларын камтыган баяндама жасашты.
Панелдик сессиялардын жүрүшүндө ар кайсы өлкөлөрдүн үй-бүлөлүк мамилелерди укуктук жөнгө салуудагы ыкмалары, жубайлардын тең укуктуулугу, ата-энелик жоопкерчилик жана балдардын укуктарын коргоо маселелери талкууланды.
Иш-чаранын жумушчу тилдери англис жана орус тилдери болуп, бул пикир алмашуунун ачык жана мазмундуу болушуна өбөлгө түздү. AACC-CTHRD Жайкы мектеби салттуу түрдө Азия өлкөлөрүнүн конституциялык сотторунун өкүлдөрүн бириктирип, кесиптик компетенцияларды өнүктүрүүгө жана конституциялык сот адилеттиги жаатында эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө көмөктөшөт. Программанын аягында бардык катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.