Меню навигации+

Астанада “Борбордук Азияда укук үстөмдүгү” программасынын аякташына байланыштуу жыйынтыктоочу регионалдык конференция болуп өттү

11.06.2024

Казакстан Республикасынын борбору Астанада  2024-жылдын 11-июнунда “Борбордук Азияда укуктун үстөмдүгү (2020-2024-жж.)” программасынын аякташына байланыштуу жыйынтыктоочу регионалдык  конференция болуп өттү. Бул конференциянын максаты –Программанын акыркы жыйынтыктарын жана натыйжаларын сунуш кылуу, ошондой эле региондогу келечектеги кызматташтыкты талкуулоо.

 

Иш-чарага адам укугу, мыйзам үстөмдүгү жана демократияны чыңдоо жаатындагы кызматташуунун жыйынтыктарын чыгаруу жана келечегин талкуулоо үчүн Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандан катышуучулар чогулушту.

 

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы Кырккелди Кыдырбаев бул иш-чарага катышып, өз сөзүндө адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоо үчүн  мамлекеттер аралык диалогдун жана өз ара түшүнүшүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

 

Кыскача  маалымат

 

“Борбордук Азияда укуктун үстөмдүгү (2020-2024 — жж.)” программасы – бул Европа Кеңешинин жана Европа Биримдигинин региондо адам укуктарын, мыйзам үстөмдүгүн жана демократияны чыңдоого багытталган биргелешкен демилгеси. Программа техникалык жардам көрсөтүү жана европалык жана эл аралык стандарттар жөнүндө билимди жайылтуу менен Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстанды камтыйт.

 

Программа үч негизги багытты камтыйт:

 

  1. Европа менен Борбордук Азиянын ортосунда жалпы укуктук мейкиндикти түзүү жана адам укуктарын коргоону күчөтүү.
  2. Транспаренттүүлүктү бекемдөө жана экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүү.
  3. Мамлекеттик түзүмдөрдүн жана мамлекеттик башкаруу органдарынын натыйжалуу иштеши.