Меню навигации+

Азия конституциялык сотторунун Ассоциациясынын башкы катчыларынын онлайн-кеңешмеси

05.09.2024

Бүгүн, 2024-жылдын 5-сентябрында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун аппарат жетекчиси Каныбек Масалбеков Азия конституциялык сотторунун жана шайкеш институттарынын Ассоциациясынын (ААКС) башкы катчыларынын онлайн-кеңешмесине катышты. Отурумдун жүрүшүндө ААКСнын боло турган конгрессине даярдыкка тиешелүү маанилүү маселелер каралды.

Кеңешменин негизги темаларынын бири ААКС менен конституциялык контролдоо органдарынын Евразия Ассоциациясынын (ЕАКК), ошондой эле Африканын конституциялык юрисдикцияларынын конференциясы ортосундагы кызматташтыкты талкуулоо болду. Катышуучулар тажрыйба алмашуу, укуктук механизмдерди өркүндөтүү жана жарандардын конституциялык укуктарын коргоо үчүн уюмдар ортосунда өз ара аракеттенүүнү бекемдөөнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.

ААКС VI конгрессине даярдануу иш-чарасын уюштуруу боюнча мындан аркы кадамдар, анын ичинде күн тартибин макулдашуу пландаштырылды.

Конгресс Азия өлкөлөрүнүн конституциялык сотторунун жана институттарынын өкүлдөрүнүн диалогу үчүн маанилүү аянтча болуп калат.

Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту укуктук институттарды өнүктүрүүгө жана мыйзамдын үстөмдүгүн бекемдөөгө багытталган эл аралык жана региондук демилгелерге активдүү катышууну улантууда.