Меню навигации+

Башпаанек алуу укугу жана жарансыздык институту: көйгөйлөр жана өнүгүү багыттары

07.10.2025

 

2025-жылдын 7-октябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялары жана аппаратынын кызматкерлери үчүн «Башпаанек алуу укугу жана жарансыздык институту: эл аралык жана конституциялык аспектилер» темасында маалыматтык семинар өткөрүлдү.

 

Иш-чара Конституциялык сот тарабынан Кыргыз Республикасындагы  БУУнун Качкындар иштери боюнча жогорку комиссарынын (УВКБ ООН) улуттук кеңсеси жана “Адилет” укуктук клиникасы” коомдук фонду менен биргеликте уюштурулду.

 

Семинарды ачып жатып, Конституциялык соттун төрагасы Эмиль Осконбаев ар бир укуктук ченемдин артында, өзгөчө качкындарды жана жарандыгы жок адамдарды коргоо жаатындагы ченемдердин артында адамдын тагдыры жана көңүл бурууну, калыстыкты талап кылган  конкреттүү  кырдаал бар экендигин белгиледи. Ал эми БУУнун Качкындар иштери боюнча жогорку комиссарынын улуттук кеңсесинин башчысынын милдетин аткаруучу Уулкан Айдарова, башпаанекке укук темасы — жөн гана абстрактуу  теория эмес, адамдык кадыр-барк жана аярлуу топтордун алдындагы мамлекеттин жоопкерчилиги маселеси экендигин  баса белгиледи.

 

Талкуунун жүрүшүндө катышуучулар качкын жана жарандыгы жок адам статусун берүүнүн эл аралык жана улуттук стандарттары, укуктук коргоо механизмдери, ошондой эле эл аралык деңгээлде Кыргыз Республикасы алган милдеттенмелердин констекстинде  аларды практикалык колдонуудагы татаалдыктар жөнүндө маалымдарлыгын жогорулатышты.

 

Семинар коргоо издөөгө аргасыз болгон адамдардын укуктарын камсыз кылууга бирдиктүү мамилени  иштеп чыгууга жана улуттук укуктук системада гуманизм принциптерин бекемдөөгө өбөлгө болуучу кесиптик диалог үчүн аянтча болду.