Борбордук Азиядагы Эл аралык университетинин студенттери Конституциялык соттун ишмердүүлүгү менен таанышты
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда жогорку окуу жайлары менен кызматташуунун жана конституциялык баалуулуктарды жайылтуунун алкагында Борбордук Азиядагы Эл аралык университетинин 2–4-курстарынын студенттери үчүн Ачык эшиктер күнү өткөрүлдү.
Иш-чара Конституциялык соттун имараты боюнча тааныштыруу экскурсиясы менен башталды. Студенттер сот отурумдары өткөрүлүүчү залды көрүп, Конституциялык соттун ишмердүүлүгү, ошондой эле анын Конституциянын үстөмдүгүн камсыз кылуудагы жана адам менен жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоодогу ролу тууралуу маалымат алышты.
Андан соң студенттер Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы Жамил Шаршеналиев менен жолугушту. Ачык форматта өткөн жолугушууда ал конституциялык сот өндүрүшүнүн өзгөчөлүктөрү, Конституциянын мамлекеттин негизги мыйзамы катары мааниси жөнүндө айтып берип, сот системасындагы кесиптик тажрыйбасы менен бөлүштү.
Жолугушуунун жүрүшүндө студенттер Конституциялык сотко кайрылуунун тартиби, конституциялык иштерди кароонун принциптери жана юриспруденция тармагында кесиптик өнүгүүнүн мүмкүнчүлүктөрү тууралуу суроолорун берип, кызыктуу жоопторду алышты.
Мындай иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту тарабынан конституциялык баалуулуктарды жайылтуу жана академиялык коомчулук менен кызматташууну өнүктүрүү максатында үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат. Алар жаштардын укуктук аң-сезимин калыптандырууга, Конституцияга болгон урмат-сыйды бекемдөөгө жана конституциялык адилеттиктин маанисин түшүнүүгө багытталган.







