Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Төрагасынын Көз карандысыздык күнү менен куттуктоосу

Урматтуу мекендештер!
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун жана өзүмдүн атымдан баарыңыздарды өлкөбүздүн эң улуу майрамы – Эгемендүүлүк күнү менен чын дилимден куттуктайм!
1991-жылдын 31-августу кыргыз элинин тарыхына өз тагдырын өзү аныктап, эркин жана көзкарандысыз мамлекет куруу укугун алган улуу күн катары алтын тамгалар менен жазылды. Эгемендүүлүк – бул биздин эң ыйык байлыгыбыз, улуттук сыймыгыбыз, эл биримдигинин жана адилеттүүлүккө умтулуубуздун символу.
Эгемендүүлүктүн жылдарында Кыргызстан эркин жана демократиялуу мамлекет катары калыптануу жолун басып өттү. Биз Конституциянын жогорку орунда болушун бекемдедик, демократиялык институттарды өнүктүрдүк жана жарандардын укуктары менен эркиндиктерин эң жогорку баалуулук катары тааныдык. Бүгүнкү күндө өткөн жолубузга таянып, мамлекеттүүлүктү, адилеттүүлүктү жана ынтымакты чыңдоо аркылуу келечекке ишенимдүү көз чаптырабыз.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту – өлкөнүн Баш мыйзамынын кепили катары, мындан ары да конституциялык мыйзамдуулукту, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин коргоого жана укуктук мамлекетти чыңдоого бекем кызмат кылат.
Кымбаттуу мекендештер!
Ар бирибиздин жүрөгүбүздө мекенибизге болгон сыймык дайыма жашасын! Эгемендүү Кыргызстаныбыз гүлдөп-өссүн, ал эми ынтымакка, тынчтыкка жана адилеттүүлүккө болгон жалпы умтулуубуз өлкөбүздү жаңы ийгиликтерге жетелесин!
Эгемендүүлүк күнүң менен, Кыргызстан!
Майрамыңар кут болсун, урматтуу мекендештер!
Кыргыз Республикасынын
Конституциялык сотунун Төрагасы Э. Осконбаев