Меню навигации+

Экологиялык укук жана сот адилеттүүлүгүнө  жеткиликтүүлүк: жашоо жана ден соолук үчүн бакубат экологиялык чөйрөгө укук

29.09.2025

 

2025-жылдын 26–27-сентябрында Чолпон-Ата шаарында «Экологиялык сот адилеттиги: чакырыктар жана келечеги» аттуу темада  Судьялардын улуттук форуму өттү. Форумдун ишине Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин Тартип комиссиясынын төрагасынын орун басары Лунара Жолдошева катышты.

 

 

Иш-чаранын максаты — Кыргыз Республикасындагы экологиялык сот адилеттигинин абалы жана келечеги, жарандардын экологиялык укуктарын коргоо жаатындагы негизги чакырыктар, эл аралык стандарттарды колдонуу жана соттук практиканы өркүндөтүү үчүн чечимдерди издөө тажрыйбасы менен бөлүшүү болуп эсептелет.

 

Форумга Кыргызстандын судьялары, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, адвокаттар, эл аралык жана улуттук эксперттер, ошондой эле экологдор катышты. Мазмундуу докладдар менен мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, улуттук эксперттер, ошондой эле чет элдик адистер: Бельгиянын Конституциялык сотунун судьясы, Курчап турган чөйрөнүн маселелери боюнча Европа судьяларынын форумунун президенти Люк Лаврисен, Курчап турган чөйрөнүн маселелери боюнча Европа судьяларынын форумунун мүчөсү, улук судья Фаустино Гудин, Осло университетинин укук профессору Кристина Фойт жана Орхус конвенциясы боюнча экологиялык укук коргоочулар маселеси боюнча БУУнун атайын докладчысы Мишель Форст чыгып сүйлөштү.

 

Дискуссиялардын көнүл борборунда коомчулуктун экологиялык иштер боюнча адилеттикке жетүүсүн камсыздоо, адам укуктары системасында экологиялык адилеттүүлүктүн жана экологиялык коопсуздуктун концептуалдык негиздери, эл аралык экологиялык конвенциялар жана глобалдык милдеттенмелерди аткаруу деңгээли, жер семирткичтердин Кыргызстандын шартында адам организмине жана генофондго тийгизген таасири, ошондой эле экологиялык укук коргоочуларды коргоо маселелери талкууланды.

 

Форумдун жыйынтыгы боюнча экологиялык сот адилеттигин мындан ары өнүктүрүүгө, укуктук инфраструктураны жакшыртууга жана ведомстволор аралык кызматташууну бекемдөөгө багытталган тыянактар жана сунуштар иштелип чыкты.