Меню навигации+

Эл аралык онлайн-семинар: Жарандардын конституциялык сотторго кайрылууларынын жол берүү критерийлерин талкуулоо

11.10.2024


2024-жылдын 11-октябрында “Жарандардын конституциялык контролдоо органдарына кайрылуулары: жол берүү критерийлери” темасында эл аралык онлайн-семинар болуп өттү, ага Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы Меергуль Рыскулбековна Бобукеева катышты.

Иш-чарага конституциялык соттордун – Конституциялык контролдоо органдарынын Евразиялык ассоциациясынын мүчөлөрүнүн өкүлдөрү, ошондой эле НАРХОЗ университетинин окутуучулары жана студенттери катышты. Семинардын жүрүшүндө конституциялык даттануу механизми аркылуу жарандардын укуктарын коргоонун негизги маселелери талкууланды.

Семинарды Казакстандын Конституциялык соту НАРХОЗ университети менен биргеликте уюштурган. Биринчи сессиянын жүрүшүндө Беларусь Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы Тадеуш Валентинович Воронович жана Тажикстан Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы Карим Мазиёевич Каримов өз өлкөлөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүшүп, адам укуктарын коргоонун куралы катары конституциялык даттануу жөнүндө докладдарын сунуш кылышты.

Экинчи сессияда Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы М.Р. Бобукеева “Абстракттуу конституциялык контроль. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун практикасы” темасында доклад жасады.

Үчүнчү жана төртүнчү сессиялардын алкагында конституциялык сотторго кайрылууларга жол берүү шарттары жана конституциялык контролдоо органдарынын чечимдерин ишке ашыруу механизмдери талкууланды. Россия Федерациясынын, Азербайжандын жана Казакстандын эксперттери өз өлкөлөрүнүн бул жааттагы тажрыйбасы жөнүндө айтып беришти.

Семинар жигердүү пикир алмашуу жана жыйынтыктарды чыгаруу менен аяктады, бул катышуучуларга конституциялык укуктарды коргоого карата ар кандай мамилелерди түшүнүүнү тереңдетүүгө жана бул чөйрөдө эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө мүмкүндүк берди.