Меню навигации+

Казакстандын Алма-Ата шаарында “Сот адилеттигин ишке ашыруунун конституциялык принциптери” аттуу эл аралык конференция өтүп жатат

10.05.2024

Бүгүн, 2024-жылдын 10-майында Алма-Ата шаарында (Казакстан) “Сот адилеттигин ишке ашыруунун конституциялык принциптерин” талкуулоо боюнча эл аралык илимий-практикалык конференция өз ишин баштады. Иш-чара Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин колдоосу астында уюштурулду.

 

Конференциянын ачылышында башкармалыктын төрагасы – Аль-Фараби атындагы КазУУнун ректору Жансеит Туймебаев куттуктоо сөзүн айтты. Бул форумда укуктук практиканын жана конституциялык сот адилеттигинин маанилүү аспектилери белгилүү юристтер, сот жана өкмөттүк органдардын өкүлдөрү, ошондой эле ар кайсы өлкөлөрдүн академиялык чөйрөлөрү тарабынан талкууланды.

 

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы Эмиль Жолдошевич Осконбаев Конституциялык соттун позициясын билдирүү менен сот адилеттигин жүзөгө ашырууда Конституциянын үстөмдүгүн камсыз кылуу боюнча Кыргызстандын тажрыйбасы менен бөлүшүп, конференциянын ишине онлайн режиминде катышты. Ал өз сөзүндө “Конституционализм, коомду конституциялаштыруу маселелери укуктук мамлекетти жана адилеттүү коомду курууда бир гана өлкөнүн ичинде эмес, эл аралык аренада таза жана алдын ала болжолдонуучу мамилелерди калыптандыруунун негизин түзөт”деп белгиледи.

 

Конференциянын катышуучуларынын арасында:

Валентин Олегович Сукало, Беларусь Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы (онлайн),

Эльвира Абилхасимовна Азимова, Казакстан Республикасынын Конституциялык сотунун Төрагасы,

Асламбек Амангельдинович Мергалиев, Казакстан Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы,

Берик Ногаевич Асылов, Казакстан Республикасынын Башкы прокурору,

Азамат Несипбаевич Ескараев, Казакстан Республикасынын Юстиция министри,

Игорь Иванович Рогов, Казакстан Республикасынын Президентине караштуу Адам укуктары боюнча комиссиянын төрагасы, юридика илимдеринин доктору, профессор,

Камран Шафиев, Азербайжан Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы,

Виктор Александрович Малиновский, Казакстан Республикасынын конституциялык Кеңешинин экс-мүчөсү,

Жанагул Исмаиловна Балкыбаева, Өзбекстан Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы,

Георгий Нугзарович Папуашвили, профессор, юридика факультетинин деканы (онлайн) ж. б. бар.

 

Конференция ар кайсы өлкөлөрдүн алдыңкы эксперттерин жана практиктерин чогултту жана конституциялык сот адилеттиги жана конституциялык принциптерди коргоо маселелери боюнча эл аралык диалогду өнүктүрүүгө өбөлгө түздү.

 

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Төрагасы Эмиль Осконбаев конференциянын уюштуруучуларына чакыруу жана активдүү катышуу мүмкүнчүлүгү, ошондой эле бардык катышуучуларга идеялар жана тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.