Меню навигации+

КМУнун болочок юристтери Конституциялык соттун ишмердүүлүгү менен таанышты

26.02.2026

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетинин 2-курс студенттери үчүн Ачык эшик күнү өткөрүлдү.

 

Сапардын жүрүшүндө студенттер конституциялык көзөмөл органынын ишмердүүлүгү жана анын мамлекеттик бийлик системасындагы орду менен таанышышты. Аларга аппараттын иши — кайрылууларды каттоо жана алдын ала кароодон тартып, иштерди соттук отурумдарга даярдоого чейинки процесстер тууралуу маалымат берилди. Кайрылуулардын жол берилүү критерийлерине жана иштерди кароонун практикалык өзгөчөлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурулду.

 

Программанын алкагында  Конституциялык соттун төрагасынын орун басары Дүйшеев Карыбек Арстанбекович менен жолугушуу болду. Диалогдун жүрүшүндө юристтин кесиптик даярдыгы, сот системасында иштөөгө коюлуучу талаптар жана судья менен юристтин Конституция алдындагы жоопкерчилиги талкууланды.

 

Мындай жолугушуулар болочок юристтерге конституциялык сот адилеттигинин маанисин терең түшүнүүгө, теория менен практиканын байланышын бекемдөөгө жана укуктук маданиятты өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.