Конституциялык окуулар: Көңүл чордонунда — постсоветтик өлкөлөрдөгү социалдык укуктук мамлекеттин модели

2025-жылдын 27–29-июну, Чок-Тал айылы, Ысык-Көл облусу
Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту өлкөнүн алдыңкы билим берүү уюмдары жана укуктук мекемелери менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Юристтер күнүнө арналган Конституциялык окууларды өткөрдү.
«Постсоветтик өлкөлөрдөгү социалдык укуктук мамлекеттин конституциялык концепциясы: теориянын жана практиканын көйгөйлөрү» атуу темадагы иш-чара – натыйжалуу чечимдерди издөө жана тажрыйба алмашуу максатында окумуштууларды, практик адистерди жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн бириктирди.
Иш-чаранын уюштуруучулары:
• Кыргыз Республикасынын Эл аралык университети
• Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту
• «Кыргызстандын юристтери» ассоциациясы
• IPCHAIN Ассоциациясынын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү
• Кыргызстандын социалдык иштер мектептеринин ассоциациясы
• Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы
• Ж. Баласагын атындагы КМУнун Юридикалык институту
• Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын алдындагы Юридикалык академия
Конституциялык окуулардын ачылышы Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы Эмиль Осконбаевдин видеокайрылуусу менен коштолду.
Өз кайрылуусунда ал социалдык укуктук мамлекетти калыптандыруу – бул жөн гана конституциялык декларация эмес, бийликтин бардык институттарынын ар күнкү милдети жана социалдык мамлекеттин маңызы — адамга кызмат кылууда: социалдык ажырымды жоюуда, калктын аярлуу катмарына жардам көрсөтүүдө, билим берүүгө, саламаттыкты сактоого жана адилет сотко жеткиликтүүлүктү камсыз кылууда турат, – деп баса белгиледи.
Ал айрыкча юристтердин, окутуучулардын жана академиялык коомчулуктун ролуна токтолуп, алардын келечек муундун укуктук аң-сезимин жана Конституцияга болгон сый-урмат мамилесин калыптандырууда салымы зор экендигин белгиледи.
Окуулардын программасы пленардык жыйынды жана үч тематикалык сессияны камтып, аларда социалдык мамлекеттин өнүгүшүнүн негизги аспектилери талкууланды:
• социалдык мамлекеттин теориялык жана укуктук негиздери;
• конституциялык көзөмөл жана социалдык-экономикалык укуктарды жүзөгө ашыруу;
• укуктук системаны түзүүдө саясий партиялардын, ЖМКлардын, билим берүүнүн жана илимдин ролу;
• постсоветтик трансформациялануу мезгилинин шарттарында эл аралык ыкмалар жана чакырыктар.
Иш-чарага Кыргызстандын, Казакстандын, Кытайдын, Беларустун, Россиянын, Армениянын жана Өзбекстандын укук таануучулары, судьялары, юрист-илимпоздору жана эксперттери тикелей жана онлайн-форматта катышты. Талкуулар активдүү дискуссиялар менен коштолуп, мамлекеттик жана илимий институттар үчүн практикалык сунуштар иштелип чыкты.
Конституциялык окуулар катышуучуларга сертификаттарды салтанаттуу тапшыруу жана интеллектуалдык жана маданият аралык диалогдун символуна айланган «Рух Ордо» маданий борборуна баруу менен жыйынтыкталат.
Конституциялык окуулар — бул илимий өз ара аракеттенүүнүн, регионалдык өз ара кызматташтыкты чыңдоонун жана адилеттүү, туруктуу социалдык мамлекетти куруу ишинде стратегиялык чечимдерди издөөнүн натыйжалуу аянтчасы экендигин дагы бир ирет тастыктады.