Меню навигации+

“Конституциялык сот өндүрүшү боюнча оюн сот процесстери”

15.11.2025

 

2025-жылдын 15-ноябрында Токмок шаарында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун 35 жылдыгына арналган “Конституциялык сот өндүрүшү боюнча оюн-зоок сот процесстери” (Moot Court) республикалык студенттик сынак болуп өттү.

 

Уюштуруучулары: Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту, Борбордук Азиянын эл аралык университети, Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети жана «Сивикс» коомдук фонду.

 

Иш-чара БАЭУнун жаңы корпусунда өтүп, өлкөнүн алдыңкы 6 жогорку окуу жайынын юридикалык факультеттеринин командаларын бириктирди.

 

Катышуучуларга саламдашуу сөздөрү менен
Дүйшеев Карыбек Арстанбекович, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасынын орун басары;
Шакдар Сулейман, БАЭУ департаментинин башчысы;
Эркина Убышева, «Сивикс» коомдук фондунун директору;
Назира Сартбаевна Турсунбаева, КРСУнун юридикалык факультетинин деканынын илимий иштер боюнча орун басары кайрылышты.

 

Спикерлер студенттер үчүн moot court форматынын практикалык маанисин белгилеп, анын юридикалык аргументациялоо, эл алдында сүйлөө жана конституциялык-укуктук ченемдерди талдоо көндүмдөрүн өнүктүрүүдөгү ролуна токтолушту.

 

Сынак эки этаптан турду: жазуу жүзүндөгү тапшырма жана оозеки бөлүк үч раунддан туруп, Конституциялык сот процессинин реалдуу атмосферасын чагылдырды. Командалар арыз ээсинин жана мамлекеттик органдын ролдорун аткарып, татаал иш боюнча укуктук позицияларын сунуштап, калыстар тобунун суроолоруна жооп беришти жана укуктук материал менен иштөө жөндөмүн көрсөтүштү.

 

Катышуучулар юридикалык адистерге мүнөздүү ой жүгүртүү — жүйөөлүү талдоо, аргументтүү түшүндүрүү жана ынандыра билүү жөндөмдөрүн толук ачып көрсөтүштү.

 

Жазуу жүзүндөгү тапшырмаларды жана алгачкы эки раундду баалоодон кийин финалисттер аныкталды. Акыркы үчүнчү раунд эң динамикалуу болду: командалар терең укуктук талдоону сунушташты, аргументация менен активдүү иштешти жана судьяларды өздөрүнүн укуктук позициясынын күчүнө ишендирүүгө умтулушту.

 

Сынактын жыйынтыгы боюнча төмөнкүлөр сыйлыктарга ээ болушту:

 

  • Эң жакшы команда:
  • I орун – «Ала-Тоо» Эл аралык университети,
  • II орун – Кыргызстан Эл аралык университети,
    III орун – Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети;

Номинациялар:

  • Эң мыкты оратор – Курманалиева Адэля;
  • Эң мыкты жазма меморандум – «Ала-Тоо» Эл аралык университети;
  • Эң мыкты командалык иш – «Ала-Тоо» Эл аралык университети;
  • Эң мыкты юридикалык стиль – Б. Ельцин атындагы КРСУ.

 

Жеңүүчүлөр диплом жана эстелик сыйлыктар менен сыйланышты.

 

Moot Court студенттерге теорияны реалдуу сот процессине мүмкүн болушунча жакын шарттарда колдонууга мүмкүнчүлүк берген практикалык аянтчаны түзүүгө багытталган. Иш-чара ошондой эле укуктук маданиятты бекемдөөгө, аналитикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө жана конституциялык баалуулуктарга жана укуктун үстөмдүгү принциптерине урмат көрсөтүүнү калыптандырууга өбөлгө түзөт.

 

Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту бардык командаларга, машыктыруучуларга жана өнөктөштөргө активдүү катышуусу жана жогорку деңгээлдеги даярдыгы үчүн ыраазычылык билдирет.