Конституциялык сот 2025-жылдагы ишинин жыйынтыгын чыгарды
2026-жылдын 29-январында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда Конституциялык соттун жана анын аппаратынын 2025-жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча чогулуш өттү.
Чогулушта, отчеттук жыл Конституциялык сот үчүн конституциялык көзөмөл органынын 35 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чараларды өткөрүү, ишмердүүлүктүн системалуу туруктуулукка өтүшү, ошондой эле конституциялык баалуулуктарды жайылтуу, укуктук маданиятты чыңдоо жана мамлекеттик органдар, кесиптик жана академиялык коомчулук менен өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү багытында активдүү өнүгүү мезгили болгондугу белгиленди. Конституциялык соттун судьялары Аппараттын активдүү колдоосунда бул багыттарга конституциялык сот өндүрүшүн жүзөгө ашыруу менен катар олуттуу көңүл бурушту.
2025-жылы Конституциялык сот тарабынан 10 чечим жана 13 токтом, анын ичинде кабыл алынган чечимдерди түшүндүрүү боюнча 2 соттук акт кабыл алынды. Судьялар коллегиялары тарабынан 38 кайрылуу каралып, алардын ичинен 18и өндүрүшкө кабыл алынды. Конституциялык соттун аппараты тарабынан 56 кайрылуу алдын ала кароо тартибинде каралды.
Отчеттук жылда Конституциялык сот Жогорку Кеңеш, Жогорку сот, Башкы прокуратура, Акыйкатчы, Юстиция министрлиги, ошондой эле билим берүү жана кесиптик аудиториялар менен кызматташтыкты ырааттуу түрдө өнүктүрдү. 5 жогорку окуу жайы жана мамлекеттик мекемелер менен кызматташтык жөнүндө меморандумдарга кол коюлуп, бул Конституциялык соттун чечимдерин аткаруу, юридикалык билим берүү жана илим чөйрөсүндө системалуу жана узак мөөнөттүү иш жүргүзүүгө мүмкүндүк берди.
Конституциялык соттун судьялары өлкөнүн алдыңкы жогорку окуу жайларында өткөн көп сандаган жерине баруу менен лекцияларга жана эксперттик жолугушууларга катышты. Судьялар, юристтер, адвокаттар, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана юридикалык факультеттердин окутуучулары үчүн конституционализм боюнча 6 мектептин өткөрүлүшү өзгөчө мааниге ээ болду.
Юбилейлик иш-чаралардын алкагында «Жаңы демократия өлкөлөрүндө конституциялык сот адилеттигинин калыптанышы» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы тарабынан Конституциялык сот жана өлкөнүн алдыңкы жогорку окуу жайлары менен өнөктөштүктө уюштурулган «Кыргыз Республикасындагы конституционализм: учурдагы абалы жана өнүгүү келечеги» аттуу юридикалык форум, Ачык эшиктер күнү, студенттик сынактар, анын ичинде өлкөнүн алты алдыңкы жогорку окуу жайынын юридикалык факультеттеринин командалары катышкан Республикалык Moot Court өткөрүлдү.
Отчеттук жылда Конституциялык соттун чечимдери расмий сайтта үзгүлтүксүз жарыяланып, жалпыга маалымдоо каражаттары менен туруктуу өз ара аракеттенүү камсыз кылынды. Билим берүү, илимий жана эл аралык иш-чараларды комплекстүү маалыматтык коштоо жүргүзүлүп, бул Конституциялык соттун ишмердүүлүгүнүн ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түздү.
2025-жылы мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү иштерди кароого даярдоо баскычында да, Конституциялык соттун чечимдери кабыл алынгандан кийин да — алардын андан аркы аткарылышын камсыз кылуу максатында жүргүзүлдү. Айрым иштерди кароонун жыйынтыгы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга мыйзамдардагы аныкталган коллизияларды жоюу жана ченемдик укуктук актыларды Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келтирүү боюнча тапшырмалар жөнөтүлдү.
Чогулуштун жыйынтыгы боюнча судьялар менен Аппараттын системалуу биргелешкен иши 2025-жылы конституциялык сот өндүрүшүнүн натыйжалуу жүргүзүлүшүн камсыз кылууга, конституциялык баалуулуктарды жайылтуу жана укуктук маданиятты чыңдоо багытындагы ишмердүүлүктү да олуттуу кеңейтүүгө мүмкүндүк бергендиги баса белгиленди.
Ошондой эле жылдык жыйында, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун 35 жылдыгын майрамдоонун урматына, Төрага Э. Ж. Осконбаев судья Л. Ч. Жолдошевага кызматтык милдеттерин кынтыксыз жана ак ниет аткаргандыгы, кесиптик кызматтык ишмердүүлүгүнүн жогорку натыйжалары үчүн Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун «Ак ниет кызматы үчүн» медалын тапшырды.









