Меню навигации+

Конституциялык сот биздин коомдо конституционализмди өнүктүрүүгө салым кошкондугу үчүн жарандарды өзүнүн сыйлыктары менен белгиледи

06.05.2024

Конституция күнүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту салтанаттуу иш-чара өткөрүп, анын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык сот адилеттигин өнүктүрүүгө салым кошкон жана Конституциялык сотко жүктөлгөн милдеттерди чечүүгө активдүү көмөк көрсөткөн жарандар сыйланышты.

Бишкек шаардык сотунун судьясы Алмаз Калбаев Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун “Кызматташтыгы үчүн” медалы менен сыйланды.

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Ардак грамотасына төмөнкүлөр татыктуу болушту:

-Жаманкулов Мелис,Чүй облустук административдик сотунун судьясы;
-Садыков Эрмек, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучусу;
-Калиев Талгатбек, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн эксперти;
-Закиров Жоомарт, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн эксперти.

Иш-чарага ошондой эле Акыйкатчынын (Омбудсмендин) орун басары Жаныбек Жоробаев катышып, Акыйкатчы Джамиля Джаманбаеванын атынан куттуктоо сөзүн айтып, Конституциялык соттун судьяларына жана аппаратынын кызматкерлерине ведомстволук сыйлыкты тапшырды.
“Акыйкат” медалы менен төмөнкүлөр сыйланды:

Карыбек Дүйшеев, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасынын орун басары;
Мукамбет Касымалиев, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы;
Каныбек Масалбеков, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун аппарат жетекчиси;
Иса Айдаров, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасынын кеңешчиси;
Бермет Мырзаканова, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун аппаратынын консультанты.


Ар бир жаран, анын ичинде мамлекеттик бийликтин бардык деңгээлдериндеги кызмат адамдары, судьялар корпусу, укук таануу окутуучулары, укук маселелери боюнча эксперттер, адвокаттар, чиновниктер жана коомдук ишмерлер Конституцияда белгиленген ченемдерди жана принциптерди сактоодо жана жайылтууда маанилүү ишти аткарат.

Конституциялык сот өз кезегинде аталган чөйрөлөрдүн өкүлдөрүн конституциялык маданиятты өнүктүрүүгө салым кошкондугу, укуктук мамлекеттин принциптерине, конституциялык түзүлүштүн негиздерин бекемдөөгө жана биздин коомдо мыйзамдуулукту камсыз кылууга жигердүү көмөк көрсөткөндүгү үчүн активдүү колдойт.