Меню навигации+

Конституциялык сот болочок юристтер үчүн Ачык эшиктер күндөрүн өткөрүүнү улантууда

04.03.2026

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда жаштарды  укуктук  агартуу программасынын  алкагында студенттер менен кезектеги жолугушуу өттү. Бул иш-чара өлкөнүн конституциялык контролдоонун жогорку органы тарабынан уюштурулуп жаткан Ачык эшиктер күндөрүнүн быйылкы жылдагы экинчи жолугушуусу болду.

 

Бул жолу соттун ишмердиги менен таанышуу үчүн Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетинин 1 жана 2-курсунун студенттери келишти.

 

Иш-чара Конституциялык соттун тарыхый имараты боюнча  экскурсиядан башталды. Студенттер Кыргызстанда конституциялык сот адилеттигин өнүктүрүү үчүн маанилүү чечимдер кабыл алынуучу имараттын архитектурасы жана өзгөчө атмосферасы менен таанышышты.

 

Соттун аппаратынын кызматкерлери болочок юристтерге Конституциялык соттун түзүмү жана ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары тууралуу маалымат беришти. Ошондой эле судьялардын ишин уюштуруучулук жана аналитикалык жактан камсыз кылуудагы Аппараттын ролу, эксперттик бөлүмдөрдүн ишинин өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып беришти.

 

Соттук жыйындар залы студенттер үчүн өзгөчө кызыгууну жаратты. Аларга конституциялык угууларды өткөрүүнүн тартиби жана иштерди кароонун өзгөчөлүктөрү көрсөтүлдү.

 

Программанын негизги бөлүгүндө студенттер Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы Меергүл Рыскулбековна Бобукеева менен жолугушушту. Өз сөзүндө ал студенттерге Конституциялык соттун миссиясы, Конституциянын үстөмдүгүнүн мааниси жана жарандардын конституциялык укуктарын коргоонун механизмдери тууралуу айтып берди.

 

Жолугушуу ачык диалог форматында уланды. Студенттер Конституциялык сотко кайрылууларды кароонун тартиби, судьяга коюлган кесиптик жана этикалык талаптар, ошондой эле конституциялык сот адилеттиги тармагындагы иштин өзгөчөлүктөрү тууралуу суроолорду активдүү беришти.

 

М.Р. Бобукеева белгилегендей, сот системасы сот имараттарына же мантияларга эмес, анда иштеген адамдардын ички күчүнө – ак ниеттүүлүгүнө, интеллектуалдык тартибине жана чечимдерди кабыл алуу жөндөмүнө таянат.

 

Мындай жолугушууларды өткөрүү студенттерге Конституциялык соттун ишмердүүлүгү тууралуу билимдерин кеңейтүүгө, ошондой эле конституциялык сот адилеттигинин практикалык жагын жакындан көрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул болочок юристтер үчүн өзгөчө маанилүү.