Конституциялык сот юристтерди даярдоонун сапатын жогорулатуу үчүн билим берүү мекемелери менен кызматташууну өнүктүрөт

2025-жылдын 27-февралында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда юристтерди даярдаган өлкөнүн алдыңкы жогорку окуу жайлары менен кызматташуу жөнүндө меморандумдарга кол коюу аземи болуп өттү. Бул иш-чара Конституциялык сот менен юридикалык жогорку окуу жайлардын ортосундагы укуктук билим берүүнү өнүктүрүүгө, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жана болочок юристтердин конституциялык баалуулуктардын негиздерин терең өздөштүрүүсүнө багытталган кызматташтыкты бекемдөөдө маанилүү кадам болду.
Конституциялык соттун төрагасы Эмил Жолдошевич Осконбаев жаштардын укуктук маданиятын калыптандырууда жана квалификациялуу адистерди даярдоодо жогорку окуу жайлар менен кызматташтык негизги ролду ойной тургандыгын белгиледи. Ал судьялардын жерине баруу менен өткөргөн лекциялары, илимий конференциялар жана Ачык эшиктер күндөрү сыяктуу биргелешкен билим берүү демилгелери студенттерге конституциялык укуктун принциптерин жана сот тутумунун иштөөсүн тереңирээк түшүнүүгө мүмкүндүк берерин баса белгиледи.
Иш-чаранын алкагында Конституциялык сот төмөнкү окуу жайлар менен Кызматташтык жөнүндө меморандумдарга кол койду:
• Кыргыз Республикасынын ИИМинин Э. А. Алиев атындагы академиясы;
• Жалал-Абад мамлекеттик университети;
• Борбордук Азиядагы эл аралык университети;
• КР Башкы прокуратурасынын алдындагы Юридикалык академия;
• Ош мамлекеттик университети.
Конституциялык сот мурда кол коюлган меморандумдардын негизинде бир катар ЖОЖдор менен активдүү иш алып барууда, алар:
• Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университети;
• Б. Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети;
• КР Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы;
• Борбордук Азиядагы Америка университети;
• Ала-Тоо эл аралык университети;
• К.Дикамбаев атындагы КР ТИМдин Дипломатиялык академиясы.
Мындай кызматташтыктын аркасында студенттер практикада Конституциялык соттун ишмердүүлүгү менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышат, бул алардын кесиптик өнүгүүсүнө жана активдүү жарандык позициясынын калыптанышына өбөлгө түзөт.