Меню навигации+

Конституциялык сот жана Акыйкатчы: адам укуктарын коргоо боюнча биргелешкен семинар

14.10.2025

 

2025-жылдын 14-октябрында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсүнүн алкагында, конституциялык баалуулуктарды жайылтууга жана бекемдөөгө багытталган иш-чаралардын алкагында, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы Чинара Айдарбекова Акыйкатчы (Омбудсмен) аппаратынын кызматкерлери үчүн «Конституциялык соттун адамдын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуудагы жана коргоодогу ролу» деген темада маалыматтык семинар өткөрдү.

 

Семинардын жүрүшүндө судья конституциялык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу сот бийлигинин жогорку органы катары Конституциялык соттун ролу жана функциялары жөнүндө кеңири айтып берди. Ал ошондой эле Конституциялык сот Конституциянын «сактоочусу» жана «коргоочусу» катары иш алып барарын, анын ишмердүүлүгү бийлик бутактарынын ортосундагы тең салмактуулукту камсыз кылууга жана адамдын укуктарын жана эркиндиктерин мамлекеттин эң жогорку баалуулугу катары коргоого багытталганын белгиледи.

 

Семинардын алкагында катышуучуларга Конституциялык соттун иш тажрыйбасынан алынган реалдуу кейстер көрсөтүлдү, алар Соттун чечимдеринин инсандын укуктук кепилдиктерин бекемдөөдөгү жана бузулган конституциялык укуктарын калыбына келтирүүдөгү маанисин ачык көрсөтүп берди.

 

Иш-чара ачык диалог форматында өттү: катышуучулар активдүү суроолорду беришти, укуктук ыкмаларды талкуулашты жана жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоого чакырылган институттардын өз ара аракеттенүүсү жөнүндө пикир алмашышты.

 

Мындай семинарларды өткөрүү мамлекеттик кызматкерлердин укуктук билимин тереңдетүүгө, адам укуктарын коргоого бирдиктүү конституциялык-укуктук мамилени калыптандырууга жана мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүндө Конституциянын үстөмдүгү принциптерин бекемдөөгө өбөлгө түзөт.