Меню навигации+

Конституциялык сот жана Башкы прокуратура конституциялык мыйзамдуулукту камсыз кылуу үчүн өз ара аракеттенүүнү бекемдөөдө

10.10.2024

2024-жылдын 10-октябрында Конституциялык соттун төрагасы Э. Ж. Осконбаев менен Башкы прокурор М. К. Асаналиевдин жолугушуусу болуп өттү.

Иш-чара конституциялык мыйзамдуулукту колдоо жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-мартында №47 жарлыгы менен бекитилген “2023-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги тутумун өнүктүрүү” Мамлекеттик максаттуу программасында каралган милдеттерди ишке ашыруу максатында өз ара аракеттенүүнү бекемдөө маселелерин талкуулоого багытталган.

Жолугушууда Конституциялык соттун чечимдерин натыйжалуу аткаруу үчүн эки институттун өз ара аракеттенүүсүнө, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо үчүн Конституциялык сотко кайрылууга укугу бар маанилүү субъект катары Башкы прокурордун ролуна өзгөчө көңүл бурулду. Башкы прокурордун бул ыйгарым укугу мамлекеттеги конституциялык мыйзамдуулукту жана укуктун үстөмдүгүн камсыз кылууда негизги ролду ойнойт.

Жолугушуунун жүрүшүндө Конституциялык сотто Башкы прокурордун туруктуу өкүлүн киргизүү, Конституциялык сот тарабынан жыл сайын өткөрүлүүчү конституционализм мектептеринин алкагында прокуратура кызматкерлери үчүн лекцияларды жана семинарларды өткөрүү мүмкүнчүлүктөрү да талкууланды.