Меню навигации+

Конституциялык сот жана Европа Биримдиги  өнөктөштүктү бекемдөөдө

15.01.2026

 

15-январда Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда Конституциялык соттун төрагасы Э. Ж. Осконбаев менен Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн башчысы Реми Дюфло мырза жолугушуусу болуп өттү.

 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар конституциялык контролдоо органынын ишмердүүлүгү тууралуу пикир алмашты. Өз сөзүндө Э. Ж. Осконбаев Конституциялык соттун адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоону камсыз кылууда, Конституциянын үстөмдүгүн жана укуктук мамлекеттин принциптерин бекемдөөдөгү негизги ролун баса белгиледи.

 

Ошондой эле Конституциялык соттун коомдо укуктук маданиятты өнүктүрүү боюнча жүргүзүп жаткан ишине, анын ичинде  конституциялык укуктук аң-сезимдин деңгээлин жогорулатууга багытталган билим берүү демилгелерин ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду. Ушуга байланыштуу мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрү, юридикалык коомчулук жана жогорку окуу жайлардын профессордук-окутуучулук курамы үчүн Конституционализм мектептерин өткөрүү, ошондой эле юридикалык кадрларды даярдаган университеттер менен өз ара кызматташтык жана конституциялык укук жаатындагы билим берүү программаларын өркүндөтүү маселелери белгиленди.

 

Өз тарабынан Европа Биримдигинин Өкүлчүлүгүнүн башчысы Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун ишмердүүлүгүнүн маанилүүлүгүн жогору баалап, Европа Биримдиги мындан ары да кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экендигин билдирди.

 

Бул контекстте Дюфло мырза 2026-жылдын март айында Кыргыз Республикасынын сот тутумун колдоого багытталган Европа Биримдигинин  программаларынын экинчи фазасы ишке киргизилери тууралуу маалымдады. Ал сот тутумун санариптештирүү, сот адилеттигине жеткиликтүүлүктү жогорулатуу, документ жүгүртүүнү өркүндөтүү, ошондой эле регионалдык деңгээлдеги өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү боюнча иштерди улантууну карайт.

 

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар конституционализмди бекемдөөгө жана Кыргыз Республикасынын укуктук тутумун мындан ары өркүндөтүүгө багытталган конструктивдүү диалогду жана кызматташтыкты улантууга өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты.