Конституциялык сот жана студенттер: жаштарды Мыйзамга кызмат кылууга шыктандыруу

Кыргыз Республикасынын Конституция күнүнө утурлай өлкөнүн Конституциялык сотунун судьялары салт болуп калгандай Бишкек шаарынын алдыңкы жогорку окуу жайларынын юридикалык факультеттеринин студенттери үчүн жерине баруу менен лекциялардын циклин өткөрүштү.
Лекциялар Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде, Кыргыз Республикасынын Эл аралык университетинде, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Юридикалык академиясында, “Ала-Тоо” эл аралык университетинде, ошондой эле Борбор Азия эл аралык университетинде өткөрүлдү.
Бул иш-чаралардын максаты – жаштардын укуктук маданиятын жогорулатуу жана болочок юристтерди конституциялык түзүлүштүн негиздери, Конституциянын коомдогу орду жана өлкөдөгү жогорку конституциялык көзөмөл органы болгон Конституциялык соттун ишмердүүлүгү менен тааныштыруу болуп саналат.
Жолугушуулардын жүрүшүндө Конституциялык соттун судьялары студенттерге Конституциянын коомдогу ролу, конституциялык көзөмөлдүн механизмдери жана жарандардын негизги укуктары менен эркиндиктерин камсыз кылган укуктук кепилдиктер тууралуу айтып беришти. Мында өзгөчө көңүл конституциялык сот өндүрүшүнүн маселелерине, адам укуктарын коргоо механизмдерине, мамлекет менен жарандын өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелерине, укуктук маданияттын маанисине жана жаштар чөйрөсүндө укуктук аң-сезимди өнүктүрүүгө бурулду.
Студенттер суроолорду берип, конкреттүү укуктук кейстер боюнча талкууларга катышып активдүүлүктү көрсөтүштү, конституциялык укуктарды коргоо жаатындагы актуалдуу чакырыктар боюнча өз ойлору менен бөлүштү.
Лекциялардан тышкары, Ачык эшик күнүнүн алкагында жогоруда аталган ЖОЖдордун студенттери Конституциялык соттун имаратында болушуп, аларга экскурсия уюштурулду. Конституциялык соттун тарыхы, анын ыйгарым укуктары, маанилүү чечимдери жана өлкөнүн конституциялык түзүлүшүнүн негиздерин коргоо системасындагы орду тууралуу кеңири маалымат алышты. Жаш юристтер өлкөнүн жогорку конституциялык көзөмөл органынын ишмердүүлүгү менен иш жүзүндө таанышып, судьялар жана аппараттын кызматкерлери менен маектешүүгө мүмкүнчүлүк алышты.
Мындай иш-чаралар жакшы салтка айланып, алар болочок юристтерде конституциялык түзүлүштүн негиздерин, мамлекеттин баш мыйзамы катары Конституциянын ролун жана конституциялык контролдоо институтунун практикалык маанисин терең түшүнүүсүн калыптандырууга багытталган.