Конституциялык сот жана Юстиция министрлиги: укуктук өнүгүү үчүн кызматташтыкты бекемдөө

Бүгүн, 2025-жылдын 18-февралында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы Э. Ж. Осконбаев менен юстиция министри А. Б. Баетовдун жумушчу жолугушуусу эки ведомствонун өкүлдөрүнүн катышуусунда болуп өттү.
Жолугушуунун негизги максаты Конституциялык соттун чечимдерин ишке ашыруунун алкагында ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн негизги аспектилерин талкуулоо, мыйзамдарды өркүндөтүү жана коомдо конституциялык баалуулуктарды илгерилетүү болду.
Жыйындын жүрүшүндө тараптар Конституциялык сотто Юстиция министрлигинин туруктуу өкүлүн дайындоо, Конституциялык соттун чечимдерин аткаруу максатында иштелип чыгылуучу, кийин Жогорку Кеңешке киргизилүүчү мыйзам долбоорлорунун сапатын жогорулатуу үчүн өз ара аракеттенүү маселелерин карашты. Министрликтин кызматкерлеринин конституциялык сот өндүрүшү жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу, анын ичинде окутуу иш-чараларын өткөрүү жана укуктук маалымат менен алмашуу боюнча биргелешкен иштин зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду.
Конституциялык соттун төрагасы конституциялык контролдоо органы менен Юстиция министрлигинин ортосундагы натыйжалуу кызматташуу Конституциянын үстөмдүгүн камсыз кылуунун жана өлкөнүн укуктук тутумунун туруктуу өнүгүшүнүн маанилүү шарты болуп саналаарын баса белгиледи.
Юстиция министри өз кезегинде Министрликтин Конституциялык сот менен активдүү өз ара аракеттенүүгө даярдыгын белгилеп, сапаттуу укук колдонуу тажрыйбасын камсыз кылуу үчүн күч-аракеттерди бириктирүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргыз Республикасынын укуктук тутумун чыңдоого багытталган, талкууланган демилгелерди ишке ашыруу боюнча биргелешкен ишти улантууга даяр экендиктерин билдиришти.