Конституциялык сотто конституциялык көзөмөл органынын түзүлгөндүгүнүн 35 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү
Бишкек, 2025-жылдын 11-декабры
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда конституциялык көзөмөл органынын түзүлгөндүгүнүн 35 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чарага Конституциялык соттун судьялары, аппараттын кызматкерлери, ошондой эле сот системасынын чакырылган өкүлдөрү катышты.
Салтанаттуу иш-чараны Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасынын орун басары К.А. Дуйшеев ачты. Өз сөзүндө ал сот көп жылдар бою Конституциянын сакталышын камсыз кылуу жана мамлекет менен коом үчүн маанилүү болгон конституциялык-укуктук маселелерди кароо боюнча функциясын аткарып келгендигин белгиледи.
Иш-чаранын жүрүшүндө өткөн жылдардагы ишмердүүлүктүн жыйынтыгы чыгарылып, конституциялык көзөмөл органынын ишинде туруктуулукту камсыз кылган жана кесипкөйлүктү көрсөткөн судьялардын жана аппараттын кызматкерлеринин иши белгиленди.
Мааракелик датанын урматына Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту Жогорку соттун, жергиликтүү соттордун судьяларын жана аппараттын кызматкерлерин Конституциялык соттун ведомстволук сыйлыктары – медалдар жана Ардак грамоталар менен сыйлады.
Сыйлыктар кызматтык милдеттерин ак ниеттүү аткаргандыгы, кесиптик стандарттарды сактагандыгы жана Конституциялык соттун ишине кошкон салымы үчүн тапшырылды. Сыйлоо аземин улантып, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Конституциялык соттун судьяларын жана аппараттын кызматкерлерин ведомстволук сыйлыктар менен белгилешти. Бул сыйлыктар ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн жана Конституциялык соттун кызматкерлеринин кесиптик салымын мамлекеттик органдардын деңгээлинде таанылышын баса белгиледи.
Салтанаттын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасынын орун басары К.А. Дуйшеев сыйлык алгандарга ыраазычылык билдирип, Конституциянын талаптарын сактоо жана конституциялык көзөмөл органынын милдеттерин ырааттуу аткаруу соттун ишиндеги артыкчылыктуу багыттар болуп кала берерин баса белгиледи.







