Меню навигации+

Конституциялык сотто Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

30.08.2022

Бүгүн, 2022-жылдын 30-августунда, Конституциялык сотто Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү, ага Конституциялык соттун судьялары, аппараттын кызматкерлери жана чакырылган коноктор катышты.

 

Конституциялык соттун төрагасы Эмиль Осконбаев катышуучуларды жана Кыргыз Республикасынын бардык жарандарын келе жаткан Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, бардыгына чың ден – соолук, Мекендин жыргалчылыгы үчүн ишинде ийгиликтерди каалады. "Кылымдар бою көз карандысыздык биздин башкы баалуулугубуз, кыргыз элинин өз тагдырынын кожоюну болуу укугу үчүн кылымдар бою күрөшүп келген салтанатынын таажысы болуп келген. Мамлекетибиздин көз карандысыздыгын коргоо, элдин биримдигин жана жерибиздин бүтүндүгүн сактоо ар бирибиз үчүн ыйык милдет", - деди Төрага.

 

Конституциялык соттун өлкөнүн өнүгүүсүнө кошкон ролу жана салымы жөнүндө айтып жатып, Эмиль Осконбаев Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын бири катары Конституциялык сот Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын үстөмдүгүн камсыз кылуу жолу менен мамлекетти туруктуу бекемдерин, бул ар бир гүлдөгөн өлкөнүн жашоо ченеми болуп саналарын белгиледи.

 

Андан кийин Конституциялык соттун төрагасы майрамдын урматына Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун ишмердигинде жетишкен эмгек ийгиликтери жана жигердүү катышуусу үчүн төмөнкү адамдарды ведомстволук сыйлыктар менен сыйлады:

"Кызматташтык үчүн" медалы:

- Сатыев Медербек Асанбекович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын соттор жана прокуратуралар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы;

- Кадыралиев Азамат Сактанбекович – Кыргыз Республикасынын Президентинин протоколдук кызматынын жетекчиси;

- Тэнасе Александр Константинович – ЕБнин "Кыргыз Республикасындагы Укуктун үстөмдүгү-2-Фаза"программасынын негизги эксперти;

- Айдаров Иса Эркинбекович - Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын жардамчысы.

 

Ардак грамота:

- Усубалиев Нурсултан Талайбекович - Кыргыз Республикасынын Президентинин протоколдук кызматынын эксперти;

- Приев Ильгиз Абдыжапарович – ЕБнин "Кыргыз Республикасындагы Укук үстөмдүгү-2-Фаза"программасынын улуттук эксперти;

- Касымбеков Алмаз Салмоорбекович - USAID "Укук булагы" долбоорунун Сот тутумунун көз карандысыздыгы боюнча Программанын жетекчиси/ 1-компонентинин лидери.

 

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын кеңешчиси Бакытбек Мажитов да катышты, ал Төрага Талант Мамытовдун атынан куттуктоолорду тапшырды жана Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун аппарат жетекчиси Джаманкулов Марат Тургунбаевичке Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасын тапшырды.