Конституциялык сотто кыргыз тилин санариптик окутуу платформасы сунушталды

Бүгүн, 2025-жылдын 13-мартында Конституциялык сотто “Кыргыз тилин санариптик окутуу” инновациялык санариптик платформасынын бет ачары болуп өттү. “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин директору Батма Топоева-Ставинская тарабынан иштелип чыккан бул платформа кыргыз тилин заманбап технологиялардын жардамы менен өркүндөтүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Платформа тилди өздөштүрүүнүн үч багытын камтыйт: лексиканы үйрөнүү, коммуникативдик компетенттүүлүктү өнүктүрүү жана функционалдык грамматика. Платформанын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири кыргыз сөздөрүн төрт тилге: орус, англис, түрк жана кытай тилдерине которуу мүмкүнчүлүгү болуп саналат. Негизги артыкчылыгы – өз алдынча окуу мүмкүнчүлүгү: QR-кодду сканерлеп, катталып, ыңгайлуу убакта сабактарды баштоо жетиштүү.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы Эмиль Осконбаев кыргыз тилин өнүктүрүү жана кеңири колдонуу – бул жөн гана мыйзамдардын талабы эмес, улуттук өз алдынчалыкты сактоонун маанилүү фактору, улуттук биримдиктин жана жарандык бирдейликти бекемдөөнүн негизи экендигин баса белгиледи. Ал белгилегендей, мамлекеттик тилди билүү укуктук ченемдерди тереңирээк түшүнүүгө өбөлгө түзөт, жарандарга көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатат жана мамлекеттик кызматчылардын ишинде негизги ролду ойнойт.
Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн программасын ишке ашыруунун алкагында кыргыз тилин ар тараптан колдоо боюнча активдүү чаралар көрүлүүдө. Конституциялык сот негизги мамлекеттик органдардын бири катары кызматкерлердин кыргыз тилин билүү деңгээлин жогорулатууга багытталган демилгелерди киргизүүдө. Бул мамлекеттик кызматчылардын кесиптик өсүшүнө гана эмес, жарандарга көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын жогорулатууну да шарттайт.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту Батма Топоева-Ставинскаяга заманбап билим берүү платформасын түзүүгө жана кыргыз тилин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирет. Билим берүү процессине санариптик технологияларды киргизүү – кыргыз тилин кеңири жайылтуудагы жана аны жеткиликтүү үйрөнүүдөгү маанилүү кадам.