Меню навигации+

Конституциялык соттун аппаратынын кызматкерлери «Ала-Тоо» Эл аралык университети тарабынан уюштурулган «Карьера күнү» иш-чарасына катышты

01.04.2022

Ушул жылдын 30-мартында Конституциялык соттун аппаратынын кызматкерлери «Ала-Тоо» Эл аралык университети тарабынан жогорку курстун студенттери үчүн уюштурулган «Карьера күнү» иш-чарасына катышты.

 

Бул иш-чара бүтүрүүчүлөрдүн жумушка орношуусуна көмөк көрсөтүү максатында өткөрүлдү. Иш-чарага 20дан ашык мамлекеттик органдардын жана жеке түзүмдөрдүн өкүлдөрү катышты.

 

Аппараттын кызматкерлери иш-чаранын катышуучуларына Конституциялык соттун аппаратынын ишмердүүлүгү, Конституциялык соттун аппаратында мамлекеттик кызматка кирүү жана ал жерден стажировкадан өтүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө айтып беришти, ошондой эле студенттерди кызыктырган суроолорго жооп беришти.