Меню навигации+

Конституциялык соттун аппаратынын кызматкерлери Азия конституциялык сотторунун жана ага теңештирилген институттарынын ассоциациясынын 12-Жайкы мектебине катышты

04.10.2024

2024-жылдын 30-сентябрынан 3-октябрына чейин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун аппаратынын кызматкерлери Түркиянын Анкара шаарындагы Азия конституциялык сотторунун жана ага теңештирилген институттарынын ассоциациясынын Окутуу жана кадрдык ресурстарды өнүктүрүү борборунун 12-Жайкы мектебине катышты.

12-жайкы мектептин темасы – “Жогорку сот органдарында маалыматтык технологияларды жана жасалма интеллектти колдонуу” болду, ал сот системаларына заманбап технологияларды киргизүүгө жана алардын натыйжалуулугун жогорулатууга арналды.

Конституциялык соттун өкүлдөрү кесиптештери менен сот чөйрөсүндө инновациялык технологияларды колдонуунун келечектерин талкуулашты. Программа тажрыйба алмашууга, ошондой эле сот процесстерин автоматташтыруу жана санариптештирүү жаатындагы алдыңкы тажрыйбаларды үйрөнүүгө багытталган лекцияларды, тегерек столдорду жана практикалык сабактарды камтыды.

Иш-чара сот адилеттигиндеги инновацияларды жана маалыматтык технологияларды эл аралык деңгээлде жайылтуудагы маанилүү кадам болуп калды.