Меню навигации+

Конституциялык соттун мурдагы төрагасы Асанбек Шаршеналиев дүйнөдөн кайтты

12.12.2024

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялары жана аппараты Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи, юридика илимдеринин доктору, Конституциялык соттун мурдагы төрагасы Асанбек Шаршеналиевдин дүйнөдөн кайткандыгы тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алды.

Асанбек Шаршеналиев өз өмүрүн мыйзамга жана акыйкаттыкка кызмат кылууга арнап, мамлекетибиздин укуктук системасын чыңдоодо жана конституциялык баалуулуктарын коргоодо эмгеги зор. Анын жогорку кесипкөйлүккө негизделген эмгек ишмердүүлүгү аны менен иштегендердин эсинде түбөлүккө сакталат.

Асанбек Шаршеналиевдин укуктук илимди өнүктүрүүгө жана юристтердин жаңы муунун тарбиялоого кошкон салымы биздин өлкө үчүн баалуу мурас болуп саналат.

Асанбек Шаршеналиевдин үй-бүлөсүнө, туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз, анын жаркын элеси жана жасаган иштери аны тааныгандардын жана баалагандардын жүрөгүндө сакталып кала берет.

Урматтоо менен,
Конституциялык соттун судьялары жана аппараты