Меню навигации+

Конституциялык соттун төрагасы Эмиль Осконбаев USAIDдин “Укук булагы” долбоорунун жетекчиси Фред Хьюстон менен жолугушту

09.03.2022

9-мартта Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы Э.Ж. Осконбаев USAIDдин “Укук булагы” долбоорунун жетекчиси Фред Хьюстонду кабыл алды.

 

Иш-чарага Конституциялык соттун аппарат жетекчиси Марат Джаманкулов, сот системасынын көз карандысыздыгы боюнча аталган долбоордун жетекчиси Алмаз Касымбеков катышты.

 

Жолугушуунун жүрүшүндө Фред Хьюстон Э.Ж. Осконбаевди Конституциялык соттун төрагасы кызмат ордуна дайындалышы жана конституциялык контролдоо органынын сот болушу менен куттуктап, көрсөтулгөн долбоордун алкагында кызматташууда кызыктар экендигин билдирди.

 

Төрага өз кезегинде, калкты укуктук агартууга жана конституциялык сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга багытталган тутумдук негиздеги иш-чараларды өткөрүү боюнча Конституциялык соттун пландары жөнүндо айтып берди. Фред Хьюстон дагы Конституциялык сотко ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

 

Конституциялык соттун төрагасы Э.Ж. Осконбаев Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна келген расмий сапар жана көрсөтүлүп жаткан жардам үчүн ыраазычылыгын билдирди.

 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташуунун андан аркы өнүктүрүү багыттары тууралуу макулдашты.