Меню навигации+

Конституциялык соттун төрагасы Кыргыз Республикасындагы Корей Республикасынын Өзгөчө жана Ыйгарым укуктуу Элчиси менен жолукту

10.03.2022

10-март күнү, Конституциялык соттун төрагасы Эмиль Осконбаевдин Кыргыз Республикасындагы Корей Республикасынын Өзгөчө жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ли Вонджэ жана Эл аралык кызматташуу боюнча корей агенттиги (KOICA) өкүлчүлүгүнүн региондук башчысы Ли Джонгсу менен жолугушуусу болуп өттү.

 

Жолугушууда эки өлкөнүн Конституциялык соттору ортосунда кызматташуунун бийик деңгээли белгиленген, эки тараптуу кызматташуунун, ошондой Конституциялык сот адилеттиги боюнча Бүткүл дүйнөлүк Конференциянын жана Азия конституциялык сотторунун ассоциациясынын маселелери талкууланган. Корей тарап Корей Конституциялык сотунун тажрыйбасына таянып электрондук сот тутумун ишке киргизүү маселелеринде Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна колдоо көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.

 

Жолугушуунун жүрүшүндө Корей Республикасынын Элчиси жана KOICA өкүлчүлүгүнүн башчысы Э.Осконбаевдин Конституциялык соттун төрагасы кызмат ордуна дайындалганы менен куттукташып, отурукташкан мамилелердин андан аркы бекемделишине тилектештигин билдирди.

 

Өз кезегинде, төрага Конституциялык соттун ишмердиги, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдар тутумунда конституциялык контролдоо органынын маанилүүлүгү жана орду тууралуу айтып берди. Кадыресе, 2021-жылы жаңы Конституцияны кабыл алынуусуна байланыштуу Конституциянын үстөмдүгүн, адамдын укуктары менен эркиндиктерин коргоону камсыз кылуу маселелеринде Конституциялык соттун ролу кескин өскөндүгүн Э.Осконбаев белгиледи. Төрага сөзүнүн аягында Конституциялык сотко заманбап маалыматтык жана байланыш технологияларды ишке киргизүү боюнча көрсөтүлүп жаткан кепкеңеш жардамы үчүн Корей Республикасынын Элчисине жана KOICA өкүлчүлүгүнүн башчысына ыраазычылыгын билдирди.