Меню навигации+

Конституциялык соттун төрагасынын Нооруз майрамы менен куттуктоосу

21.03.2022

Урматтуу кыргызстандыктар!

 

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун атынан жана жеке өзүмдүн атыман Сиздерди жаз майрамы жана салттуу жаңы жылдын башталышын айгинелеген Нооруз майрамы менен куттуктайм!

 

Бүгүнкү күндө Нооруз майрамы кылымдарды карыткан ата-бабалардын салты гана эмес, ал бүтүндөй Кыргызстан элинин кут алып келүүчү биримдигинин белгиси. Ал эми биримдик – Кыргызстандын ийгиликтүү өнүгүүсү үчүн омоктуу негиз.

 

Ушул улуу майрам күнү Сиздерге чың ден-соолук, бакыт-таалай, үй-бүлөлүк бакубат жашоо, туруктуулук жана кыргыз жергебиздин гүлдөп өсүшүн каалайм.

 

 

Урматтоо менен, 

Эмиль Осконбаев