Меню навигации+

Конституциялык соттун төрагасы эл аралык студенттик конференцияга катышты

14.05.2024

Бүгүн, 2024-жылдын 14-майында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы Эмил Жолдошевич Осконбаев Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Юридикалык институту тарабынан уюштурулган эл аралык студенттик конференцияга катышты.

 

Конференция Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана азыркы демократиялык коомдо сот бийлигинин ролун талдоого жана талкуулоого арналды. Конституциялык соттун башчысы өз сөзүндө укуктук системаны үзгүлтүксүз өнүктүрүүнүн, акыйкаттыкты жана жарандардын укуктарын коргоону камсыздоонун маанилүүлүгүн, ошондой эле Конституциялык соттун конституциялык кепилдиктерди камсыз кылуудагы ролун баса белгиледи.

 

Конференцияга ар кандай ЖОЖдордун юридикалык факультеттеринин студенттери да активдүү катышып, азыркы демократиялык коомдо сот бийлигинин ролу боюнча өз изилдөөлөрүн сунуштап, көз караштарын билдиришти.