Меню навигации+

Конституциялык соттун жамааты Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө утурлай Ымыркайлар үйүнө барды

31.05.2024

2024-жылынын  31-майында, Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө утурлай Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун жамааты Бишкектеги Ымыркайлар үйүнө барды. Конституциялык соттун аппарат жетекчисинин милдетин аткаруучу  Иса Айдаров жетектеген кызматкерлер судьялардын жана Конституциялык соттун аппаратынын атынан балдарды жана Ымыркайлар үйүнүн жамаатын куттуктап, белектерди тапшырышты.

Конституциялык соттун судьялары жана аппараты тарабынан чогултулган каражаттар Ымыркайлар үйүндөгү балдар үчүн керектүү товарларды жана оюнчуктарды сатып алууга жумшалды. Белек катары, балдардын бакубат жашоосуна өбөлгө болгон кийим кече, зарыл буюмдар, оюнчуктар тапшырылды.

Өз сөзүндө И. Айдаров өзгөчө турмуштук оор кырдаалда калган  балдарды колдоонун жана аларга кам көрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Кайрымдуулукту   адамдардын турмуштук оор кырдаалда калган  балдарга көңүл буруусу, аларга жакшы маанай тартуулоосу катары түшүнсө болот.  Баруунун жүрүшүндө Ымыркайлар үйүнө мындан ары да колдоо көрсөтүү максатында тарбиячылар менен наристелерди багуу жана тарбиялоо шарттарына тиешелүү актуалдуу маселелер талкууланды.  Иса Айдаров мындай иш-чаралар балдарга жакшы шарттарды түзүү үчүн мамлекеттик мекемелер менен коомдук уюмдардын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө өбөлгө болот деген ишенимин билдирди.

Конституциялык соттун төрагасы Эмил Осконбаев өзүнүн өкүлү аркылуу ар бир бала турмуштук кыйынчылыктарга карабастан камкордукка алынып, мээрим менен курчалууга тийиш деген колдоо сөздөрүн билдирди. Мындай баруулар жакшы салтка айланып, муктаждарга кайрымдуулук көрсөтүүгө жана өлкөбүздүн кичинекей жарандарынын тагдырына кош көңүл болбоого багыт берет  деп ишенебиз.