Меню навигации+

КР Конституциялык сотунун судьясы Чинара Айдарбекова Вена шаарында өткөн ЕККУнун кеңешмесинде баяндама жасады

18.03.2026

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы Чинара Айдарбекова “Демократиялык туруктуулук үчүн мыйзам чыгаруу” темасында өткөн 2026-жылдагы алгачкы ЕККУнун адамдык өлчөм боюнча кошумча кеңешмесине (Supplementary Human Dimension Meeting — SHDM) катышты. Иш-чара 16–17-март күндөрү Вена (Австрия) шаарында өттү.

 

ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу (ДИАУБ) тарабынан уюштурулган иш-чарага ЕККУга мүчө мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, эксперттер жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышып, демократиялык мыйзам чыгаруунун, укуктун үстөмдүгүнүн жана адам укуктарын коргоонун негизги маселелерин талкуулашты.

 

Кеңешмени ЕККУнун Туруктуу кеңешинин төрагасы, Швейцариянын ЕККУдагы туруктуу өкүлү, элчи Рафаэль Нэгели жана ЕККУ ДИАУБдун директору Мария Телалиан куттуктоо сөздөрү  менен ачты.

 

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы Чинара Айдарбекова “Демократиялык мыйзам чыгарууда соттук контролдоо жана отчеттуулук” темасына арналган пленардык сессияда кириш сөз баяндамачы катары сөз сүйлөдү.

 

Өз сөзүндө ал натыйжалуу соттук контроль мыйзамдардын сапатын камсыз кылууда жана конституциялык принциптерди сактоодо негизги роль ойной турганын белгиледи.

“Ченем жаратуу ишине соттук контролдоо жүргүзүү – бул токтотуу жана тең салмактуулук системасынын маанилүү элементтеринин бири болуп саналат жана демократиялык укуктук мамлекеттин институционалдык кепилдиги катары кызмат кылат”, – деп белгиледи Чинара Айдарбекова.

Ошондой эле ал, мыйзам чыгаруудагы азыркы чакырыктарга, анын ичинде ченемдик актылардын санынын көбөйүшүнө, мыйзамдардын укуктук аныксыздыгына, ошондой эле санариптик технологиялардын жана жасалма интеллекттин өнүгүүсүнө байланыштуу жаңы технологиялык реалийлерге карата укуктук системалардын адаптациялоо зарылдыгына көңүл бурду.

 

Сөзүн жыйынтыктоодо, “Конституциялык контролдоонун миссиясы мыйзам чыгаруу саясатынын эркиндиги менен негизги конституциялык принциптер — укуктун үстөмдүгүн, укуктук аныктыкты жана адам укуктарын натыйжалуу коргоону сактоо зарылдыгынын ортосунда тең салмактуулукту камсыз кылууда турат” – деп баса белгиледи.

 

ЕККУнун адамдык өлчөм боюнча кошумча кеңешмелери демократия, адам укуктары жана укуктун үстөмдүгү маселелери боюнча тажрыйба алмашуу жана сунуштарды иштеп чыгуу үчүн маанилүү эл аралык аянтча болуп саналат.