Меню навигации+

КР Жазык-процесстик кодексинин 293-беренесинин 5-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча пресс-релиз

17.12.2020

Конституциялык палата 2020-жылдын 16-декабрында Жазык процесстик кодексинин 293-беренесинин 5-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карап чыгып, камакка алуу превентивдүү мүнөздө болуп, айыпталуучуга карата гана колдонулушу мүмкүн деп белгилеген. Бөгөт коюу чарасы катары камакка алуунун маңызы адам анын сотто айыптуулугу жөнүндө маселеси толук чечилмейин эркинен ажыратылуусу болуп саналат. Мында айыпталуучунун тергөөдөн жана соттон жашынуу, иш боюнча сотко акыйкаттыкты аныктоодо, соттун өкүмүн аткарылышын камсыз кылууда тоскоолдук туудуруу мүмкүндүгү бөгөт коюунун негизги максаты болот.

 

Ошентип, камакка алуу процесстик мажбурлоо чарасы болуп саналат жана жоопкерчиликтин чарасы катары каралышы мүмкүн эмес, анткени ал кылмыш жасоо үчүн эмес, айыпталуучу тарабынан мыйзам бузууларга жол бербөө үчүн колдонулат.

 

Жазык-процесстик кодекси жазык сот өндүрүшүнүн сотко чейинки жана соттук стадиялары үчүн камакта кармоонун ар кандай мөөнөттөрүн бекитет, ошондуктан мыйзамдарда да мындай кармоонун чектелүү бирдиктүү мөөнөт дагы белгиленген эмес, аны менен катар, соттук стадия үчүн камакта кармоонун максималдуу мөөнөтүн аныктоочу формалдуу чектөөлөр дагы каралган эмес.

 

Алсак, оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча жазык иштери боюнча соттук стадияда, сот өндүрүшү каралып жаткан сот, эгерде сот жараянын өз убагында бүтүрүү мүмкүн болбосо жана алдын алуу чарасын өзгөртүүгө же жокко чыгарууга негиз жок болсо, бөгөт коюу чаранын мөөнөтү ар бир жолу 2 (эки) айга чейин узартылышы мүмкүн (Жазык-процесстик кодексинин 293-беренесинин 3, 4-бөлүктөрү).

 

Конституциялык палата тараптардын айыпталуучуну камакта андан ары кармоо үчүн негиздердин болуусу жөнүндө маселени кеминде 2 айдан кийин сотко даректелген кароого кайрылуу талабы туурасында кайрылуулары болгон күндө да, болбогон күндө да, бул бөгөт коюу чарасынын колдонулушунун мыйзамдуулугуна жана негиздүүлүгүнө соттук контролдоону камсыз кылат, эгер бөгөт коюу чарасынын зарылчылыгы далилденбеген учурда, ал жокко чыгарылат деп белгилеген.

 

Ошону менен катар, жазык-процесстик кодексинин 293-беренесинин 5-бөлүгүндө өзгөчө учурларда бөгөт коюу чараларын колдонуу мөөнөтүн бир жылдан ашыкка узартуу иш өз өндүрүшүндө турган судьянын жүйөлөнгөн токтому боюнча жүргүзүлөт деп каралган.

 

Талашылып жаткан ченемдин диспозициясына ылайык мыйзам чыгаруучу судьяга бөгөт коюу чараларын колдонуунун мөөнөтүн бир жылдан ашыкка узартуу жөнүндө маселенин өзгөчө учурларын өз алдынча аныктоону жүктөйт. Анын менен, ушул маселени чечүүдө судьянын чексиз өз карамагында калтыруусу үчүн өбөлгөлөр түзүлөт. Ал эми адамдын жана жарандын конституциялык укуктары менен эркиндиктеринин чөйрөсүнө укуктук жөнгө салуунун  мындай ыкмалары менен  кийлигишүүгө жол берилбейт.

 

Инсандын эркиндиги жана кол тийгистиги сыяктуу алсыз чөйрөдөгү укукта укуктук аныктуулук принцибин тоготпостук сот адилеттигинде тутумдаштык бузуулуларга гана алып келбестен, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоо чөйрөсүндө мамлекеттин кадыр-баркына доо келтириши мүмкүн.

 

Демек, Жазык-процесстик кодексинин 293-беренесинин 5-бөлүгү ачыктык жана тактык берүүчү укуктук аныктык принцибине жооп берүүчү, кеңейтилип чечмелөөнү жана өзүм билемдик менен колдонууну жокко чыгаруучу конкреттүү ченемдүү жоболорду камтыбаган даражада өзүнүн укуктук мааниси боюнча Конституцияга карама-каршы келет. Каралып жаткан маселенин андан ары укуктук жөнгө салынуусу адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин уруксат берилген чектөөлөрдүн бардык шарттарын кармануунун негизинде гана түзүлбөстөн, айыпталуучулардын орунсуз кармалып туруусуна жана акылга сыйган мөөнөттөрдө соттолуу укуктары жөнүндө эл аралык пактылардын талаптарына дагы жооп берүүсү керек.