“Кыргыз Республикасындагы конституционализм: учурдагы абалы жана өнүгүү келечеги” аттуу юридикалык форум Бишкекте өттү

“Кыргыз Республикасындагы конституционализм: учурдагы абалы жана өнүгүү келечеги” аттуу юридикалык форум Бишкекте өттү.
2025-жылдын 15-майында Бишкек шаарында “Кыргыз Республикасындагы конституционализм: учурдагы абалы жана өнүгүү келечеги” деген темада юридикалык форум болуп өттү.
Иш-чара Президентке караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы тарабынан Конституциялык сот жана өлкөнүн алдыңкы жогорку окуу жайлары менен өнөктөштүктө уюштурулду.
Иш-чаранын негизги максаты – Кыргыз Республикасында конституционализмди өнүктүрүү, укуктук билим берүү жана агартуу маселелерин талкуулоо үчүн кесипкөй диалогдук аянтча түзүү болду.
Форумдун ачылышына катышкандар:
• Мамлекеттик башкаруу академиясынын проректору Адиля Абдиева;
• Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы Эмиль Осконбаев;
• Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Карим Ханджеза;
• Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева;
• Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын кеңешчиси Руслан Мырзалимов жана башка мамлекеттик органдардын, илимий жана юридикалык коомчулуктун өкүлдөрү.
Иш-чаранын алкагында үч тематикалык сессия өткөрүлдү:
• 1-сессия: “Конституционализм ченем жаратуу процессинде: көйгөйлөр жана келечеги” — Жогорку Кеңештин, Президенттин аппаратынын, Юстиция министрлигинин өкүлдөрүнүн жана адистешкен окуу жайларынын окутуучуларынын катышуусунда;
• 2-сессия: “Конституционализм укук колдонуу практикасында: көйгөйлөр жана келечеги” – Башкы прокуратуранын, Адвокатуранын, ИИМдин, УКМК Академиясынын жана илимий коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда;
• 3-сессия: “Конституционализм билим берүү жана агартуу ишинде: көйгөйлөр жана келечеги”– Юстиция министрлигинин, Адвокатуранын жана илимий коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда конституциялык укуктун негиздерин окутуу жана конституциялык баалуулуктарды билим берүү программаларына интеграциялоо маселелери талкууланды.
Форумдун иши төмөнкүлөрдү камтыды:
• Конституциянын үстөмдүгүн камсыз кылуу жаатында актуалдуу чакырыктарды талкуулар;
• бийликтин ар кандай бутактарынын, сот системасынын жана академиялык чөйрөнүн өкүлдөрүнүн ортосундагы пикир алмашуулар;
• конституциялык баалуулуктарды окутууга жана илгерилетүүгө бирдиктүү мамилени иштеп чыгуу.
Форумдун уюштуруучулары иш-чаранын бардык катышуучуларына конструктивдүү диалог үчүн ыраазычылык билдиришти жана мындай эксперттик аянтчаларды мындан ары да үзгүлтүксүз өткөрүү ниеттерин билдиришти.