Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Эл аралык университетинин студенттери Конституциялык сотто болушту

16.03.2026

 

Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда өткөрүлгөн Ачык эшиктер күнүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Эл аралык университетинин (КРЭУ) студенттери анын  ишмердиги менен таанышты.

 

Студенттер  үчүн соттун имараты боюнча экскурсия уюштурулду. Студенттер Конституциялык соттун инфраструктурасы жана иш бөлмөлөрү менен таанышып, сот жыйындары өтүүчү залды, ошондой эле каралып жаткан иштер боюнча акыркы чечимдер кабыл алынуучу судьялардын кеңешме бөлмөсүн көрүштү. Экскурсиянын жүрүшүндө аларга соттун аппаратынын иши, анын түзүмү жана Конституциялык соттун ишин камсыз кылуу боюнча милдеттери тууралуу да маалымат берилди.

 

Экскурсиядан кийин студенттер Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы Лунара Чаткалбековна Жолдошева менен жолугушту. Маектешүүнүн  жүрүшүндө ал Конституциялык соттун мамлекеттик бийлик системасындагы ролу, конституциялык көзөмөлдүн мааниси, жарандардын конституциялык укуктары менен эркиндиктерин коргоо практикасы тууралуу айтып берди. Ошондой эле ал Конституциялык соттун чечимдери конституциялык көзөмөл чөйрөсүндө жогорку юридикалык күчкө ээ экендигин жана Конституциянын үстөмдүгүн камсыз кылууга, мамлекеттин укуктук системасын өнүктүрүүгө багытталганын белгиледи.

 

Судья студенттер менен өзүнүн кесиптик тажрыйбасы менен ой бөлүшүп, конституциялык сот өндүрүшүнүн тартибинде иштерди кароонун өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берди жана болочок юристтердин суроолоруна жооп берди.

 

Мындай жолугушуулар жаштардын укуктук сабаттуулугун жогорулатууга, конституциялык укукка болгон кызыгуусун калыптандырууга жана Конституциянын, ошондой эле конституциялык сот адилеттигинин мамлекеттин жашоо-турмушундагы  ролун кыйла терең түшүнүүгө багытталган.