Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту “Адилеттүүлүк жана мыйзам алдындагы теңдик” сынагынын жеңүүчүлөрүн аныктады

30.05.2024

Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун имаратында Конституция күнүнө арналган сынактын катышуучуларын салтанаттуу сыйлоо аземи болуп өттү.

 

Иш-чара Конституциянын маанисин баса белгилөөгө, анын принциптеринин контекстинде жаштардын чыгармачыл ой-пикирлерин кубаттоого багытталган. Сынактын алкагында мыйзамдардын негиздерин терең түшүнүүнү мыкты чагылдырган жана идеяларды эсселер жана видеороликтер аркылуу чагылдырган эмгектер белгиленди.

 

Сынактын жыйынтыгында:

  1. Биринчи орунду Каракол шаарындагы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 2-курсунун студенти Назик Батырбековна Аламанова алды.
  2. Экинчи орун Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясынын курсанты Бектур Эркинович Эркиновго ыйгарылат.
  3. Үчүнчү орунга Ала-Тоо эл аралык университетинин студенти Айпери Муханбетовна Асекова татыктуу болду.

 

Конституциялык сот сынактын бардык катышуучуларына жаштардын жарандык активдүүлүгүнө дем берүүгө жана укуктук мамлекеттин негиздерин коргоого кошкон салымы үчүн чын дилден ыраазычылык билдирет. Бул демилге өлкөбүздүн келечегин калыптандырууга мындан ары да катышуу үчүн күчтүү түрткү болот деп ишенебиз.