Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту биринчи жолу дайындалган жергиликтүү соттордун судьялары үчүн стажировка өткөрүү практикасын улантууда

12.02.2026

2026-жылдын 12-февралында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда биринчи жолу дайындалган жергиликтүү соттордун судьялары үчүн уюштурулган үч күндүк стажировка аяктады. Программа 10-февралда башталып, судьялардын кесиптик адаптацияланышына жана соттук ишинде Конституциянын ролун комплекстүү түшүнүүсүн калыптандырууга багытталды.

 

Стажировка Конституциялык соттун конституциялык маданиятты бекемдөөгө жана Негизги мыйзамдын ченемдерин ар күндүк сот практикасында колдонуунун практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган системалуу ишинин бөлүгү болду.

 

Программанын алкагында катышуучулар Конституциялык соттун ишмердүүлүгү, мамлекеттик бийлик органдарынын тутумундагы орду жана ролу, конституциялык сот өндүрүшүнүн өзгөчөлүктөрү, судьялардын Конституциялык сотко кайрылуу тартиби жана анын чечимдеринин юридикалык күчү менен кеңири таанышты. Ар кандай категориядагы иштер боюнча Конституциялык соттун чечимдеринде берилген укуктук позицияларга жана алардын жалпы юрисдикциядагы соттор тарабынан практикалык колдонулушуна өзгөчө көңүл бурулду.

 

Практикалык бөлүк судьялардын Конституциялык сотко жолдонулуучу суроо-талаптардын долбоорлорун даярдоо, кейстерди талдоо жана конкреттүү соттук кырдаалдарда укуктук позицияларды колдонуу механизмдерин талкуулоо иштерин камтыды. Ошондой эле катышуучулар Конституциялык соттун жылдык баяндамалары жана анын расмий интернет-сайтында жайгаштырылган маалыматтык материалдар менен таанышты.

 

Стажировканын биринчи күнүндө катышуучуларга Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Төрагасы Осконбаев Эмиль Жолдошевич куттуктоо сөзү менен кайрылып, ар күндүк сот практикасында конституциялык баалуулуктардын маанисин жана Конституциянын үстөмдүгүн камсыз кылууда судьянын өзгөчө жоопкерчилигин баса белгиледи.

 

Лекциялык жана практикалык сабактарды Конституциялык соттун Төрагасы Осконбаев Эмиль Жолдошевич, судьялар Айдарбекова Чынара Аскарбековна, Бобукеева Меергүл Рыскулбековна, Шаршеналиев Жамиль Асанбекович, ошондой эле Конституциялык соттун аппаратынын жооптуу кызматкерлери өткөрүштү.

 

Биринчи жолу дайындалган судьялар үчүн стажировкаларды өткөрүү Конституциялык сот тарабынан экинчи жыл катары менен системалуу негизде уюштурулуп келет. Мындай практика конституциялык ченемдерди колдонууда бирдиктүү ыкмаларды калыптандырууга, жалпы юрисдикциядагы соттор менен конституциялык контролдоо органынын ортосундагы кесиптик өз ара аракеттенүүнү чыңдоого, ошондой эле сот адилеттигин жүзөгө ашыруунун сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.

 

Стажировканын жыйынтыгында катышуучулар алган билимдеринин практикалык маанисин жана алардын кийинки ишмердүүлүгүндө зарылдыгын белгилешти. Алынган тажрыйба судьялардын кесиптик өсүшүнө жана Кыргыз Республикасынын сот тутумунда Конституциянын үстөмдүгү принциптерин бекемдөөгө маанилүү негиз болот.