Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту иштеп жаткан юристтер үчүн Конституционализм мектебин өткөрдү

19.02.2026

Бишкек шаары, 2026-жылдын 19-февралы

 

Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту «CИВИКС» коомдук фондунун техникалык колдоосунда  күн сайын укукка байланыштуу иш алып барган жана укук колдонуу практикасын калыптандырган адистер үчүн кесиптик талкуу аянтчасы –  Конституционализм мектебин өткөрдү. Иш-чара Бишкек шаарындагы «Амбассадор» мейманканасынын конференц-залында өттү.

 

Мектеп формалдуу лекциялар цикли катары эмес, конкреттүү укуктук кырдаалдарда Конституция кантип иштей тургандыгы тууралуу ачык диалог форматында уюштурулду.

 

Иш-чараны ачып жатып, Конституциялык соттун Төрагасы Эмиль Осконбаев укуктук системанын туруктуулугу конституциялык ченемдерди бир түрдүү түшүнүүдөн башталарын белгиледи.

 

Биринчи сессия мамлекеттик бийлик системасында Конституциялык соттун ролуна арналды. Катышуучулар конституциялык контролдоо органынын статусунун өзгөчөлүктөрүн, анын ыйгарым укуктарынын чектерин жана бийлик бутактарынын тең салмактуулугун камсыз кылууда институционалдык көз карандысыздыктын маанисин талкуулашты.

 

Конституциялык соттун судьясы Чинара Айдарбекова конституциялык сот өндүрүшүнүн механизмине кеңири токтолду. Кайрылууларда жол берилген критерийлер жана процессуалдык фильтрлер, иштерди кароодо жарандык, административдик жана кылмыш-жаза сот өндүрүштөрүнө салыштырмалуу өзгөчөлүктөрү практикалык кызыгуу жаратты.

 

Күндүн экинчи бөлүгүндө Конституциялык соттун судьясы Меергуль Бобукеева ченемдик укуктук актылардын конституциялуулугун баалоодо укуктук принциптердин жана доктриналардын колдонулушунун талдоосун сунуштады.

 

Мектептин практикалык бөлүгү чакан топтордо иштөө форматында өттү. Катышуучулар укуктук кырдаалдарды моделдештирип, укуктук позицияларды иштеп чыгышты жана конституциялык-укуктук баалоонун алгоритмин түзүштү. Мындай формат теориядан колдонмо талдоого өтүүгө жана кесиптик тажрыйба алмашууга шарт түздү.

 

Жыйынтыктоочу сессия Конституциялык соттун чечимдеринин юридикалык күчүнө жана аларды аткаруу маселелерине  арналды. Конституциялык сот адилеттигинин актыларынын милдеттүүлүгү, алардын түздөн-түз колдонулушу жана укук колдонуу практикасына тийгизген таасири талкууланды.

 

Конституционализм мектебин өткөрүү Конституциялык соттун конституциялык мыйзамдуулукту бекемдөө, кесиптик өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасында укуктук маданияттын деңгээлин жогорулатуу боюнча системалуу  ишинин кезектеги кадамы болду.