Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту «Кайсы конституциялык укугум мага жашоодогу кыйынчылыкты жеңүүгө жардам берди» аттуу темада студенттер арасында сынак жарыялайт

26.03.2025

Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту «Кайсы конституциялык укугум мага жашоодогу кыйынчылыкты жеңүүгө жардам берди» аттуу темада студенттер арасында сынак жарыялайт

Сынак Кыргыз Республикасынын Конституция күнүнө карата өткөрүлөт жана теманы кеңири ачып берген эң мыкты эссе жана видеороликтерди аныктоого багытталган. Катышуучулар өз көз караштары, жеке окуялары менен бөлүшүп, конституциялык укуктарды коргоо жана ишке ашыруу боюнча практикалык сунуштарын бере алышат.

Сынакка кимдер катыша алат?

Кыргыз Республикасынын бардык жогорку окуу жайларынын студенттери.

Сынактык материалдарга коюлуучу талаптар:

• Материалдар мамлекеттик же расмий тилде кабыл алынат.
• Эссенин көлөмү – 3 беттен ашпашы керек.
• Видеороликтин узактыгы – 3төн 5 мүнөткө чейин.
• Бир катышуучу бир нече материал жибере алат.
• Сынакка тапшырылган материалдар рецензияланбайт жана кайтарылбайт.
• Сынакка катышуу үчүн материалды тапшыруусу анын жарыяланышынын мүмкүндүгүнө автордун макулдугун билдирет.

Катышуу үчүн берилген материалга өзүнүн авторлугун тастыктаган билдирмени толтуруу зарыл.
Баалоо критерийлери:

• Идеянын жаңылыгы жана оригиналдуулугу
• Теманын ачып берүүнүн деңгээли
• Баяндоонун тактыгы жана логикалуулугу.
• Мазмундуулук жана аргументтүүлүк.
• Материалды берүүнүн креативдүүлүгү.

Сынакка тапшырылган иштерди Конституциялык соттун судьяларынан жана аппараттын кызматкерлеринен турган атайын комиссия аныктайт.

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо:

Сынактын жыйынтыгы боюнча үч жеңүүчү аныкталат:
I орун – Ысык-Көлдө өтүүчү Конституционализм жайкы мектебине катышуу.
II орун – Бишкекте өтүүчү Конституционализм жайкы мектебине катышуу.
III орун – Баалуу белектер.

Сыйлык тапшыруу аземи 2025-жылдын 20-майында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун имаратында өтөт.

Аймактардан келген жеңүүчүлөр Бишкекке баруу менен байланышкан чыгымдарын өздөрү көтөрүшөт.

Билдирмени кантип берүү керек?

Сынактык материалдар pressa@constsot.kg электрондук почтасына «Сынак – Конституциялык укук» деген темадагы кат менен жөнөтүлүшү керек.

Материалдарды тапшыруунун акыркы мөөнөтү – 2025-жылдын 30-апрелинде саат 18:00гө чейин.
Маалымат үчүн телефон: [551994461]

Билдирменин формасы:

Мен бул форманы толтуруу менен сынактык материалдын түпнускасынын автору экендигимди тастыктайм жана аны Конституциялык соттун расмий ресурстарында жарыялануусуна макулдугумду берем.

Аты-жөнү: _______________
Фамилиясы: _______________
Атасынын аты: _______________
Окуу жайы, курсу, адистиги: _______________
Байланыш телефону: _______________
E-mail: _______________