Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту коррупцияга каршы аракеттенүүдө жаңыланган чаралар боюнча маалыматтык иш-чара өткөрдү

06.02.2025

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы
№ 137  “2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында  ар бир мамлекеттик орган коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча иш-чаралардын өздүк планын иштеп чыгууга жана ишке киргизүүгө милдеттүү.  Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту 2025-2027-жылдарга тиешелүү планды бекитти жана аны ишке ашырууга киришти.

Бул пландын алкагында 2025-жылдын 6-февралында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда судьялар жана аппарат кызматкерлери үчүн жаңыланган коррупцияга каршы мыйзамдардын бет ачары болуп өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларга киргизилген негизги өзгөртүүлөр кеңири түшүндүрүлдү, ошондой эле коррупциялык укук бузуулардын алдын алуу боюнча чаралар жана аларды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу тартиби каралды.

Аппарат жетекчиси Каныбек Масалбеков коррупцияга каршы күрөшүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу милдети экендигин өзгөчө белгиледи. Бет ачардын жүрүшүндө өлкө жетекчилиги тарабынан 2025-2026- жылдары коррупцияны абсолюттук жоюу максаты коюлгандыгы баса белгиленди. Буга байланыштуу мамлекеттик органдардын ишинде мыйзамдуулуктун жана ачык-айкындуулуктун маданиятын калыптандырууга багытталган алдын алуу чараларына өзгөчө көңүл бурулууда.

Аппарат кызматкерлерине коррупциялык схемаларга катышууга катуу тыюу салынганын жана коррупциялык укук бузуулар үчүн жоопкерчиликтин сөзсүз болоору эскертилди. Ошондой эле кызматкерлердин укуктук маалымдарлыгын жогорулатуу, мыйзамдардын сакталышына катуу көзөмөлдү камсыз кылуу жана укук үстөмдүгүнүн принциптерин бекемдөөгө көмөктөшүү менен коррупцияга каршы демилгелерди активдүү ишке ашырууну улантуу зарылдыгы жөнүндө баса белгиленди.