Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту Кыргыз Республикасынын Президентинин сунуштамасын кароого киришти
17-февралда саат 10:00дө Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын айрым беренелерин чечмелөө жөнүндө сунуштамасын кароого киришти.
Кароо жазуу жүзүндөгү жол-жобо тартибинде (тараптардын катышуусуз) жүргүзүлөт.
Кароонун жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алынып, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун расмий сайтында жарыяланууга тийиш.






