Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту менен ЖОЖдор конституциялык ченемдерди  жана принциптерди колдонуу жагында юристтерди, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды  даярдоону өркүндөтүү жана квалификациясын жогорулатууну боюнча реалдуу кызматташуунун аспектилерин талкуулашты

07.06.2024

Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун имаратында өлкөнүн алдыңкы жогорку окуу жайларынын, кесипкөй юристтерди окутуучу уюмдардын өкүлдөрүнүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Юстиция министрлигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда тегерек стол болуп өттү.  Талкуунун темасы – студенттерге конституциялык укукту окутуу жана коомдо укуктук сабаттуулукту жогорулатуу маселелеринде Конституциялык сот менен окуу жайлардын кызматташуусу болду.

 

Тегерек столдун максаты – Конституциянын негиздери жана анын принциптери жөнүндө бирдиктүү маалыматты түзүү боюнча координацияланган ишти жүргүзүү. Бул ЖОЖдордун студенттери, мектеп окуучулары, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар үчүн конституциялык укук боюнча окуу программаларын унификациялоону талап кылат.

 

Конституциялык сот билим берүү демилгелерине жигердүү катышып, жыл сайын ЖОЖдордун студенттери үчүн конок лекцияларын уюштуруп, аларда судьялар өздөрүнүн билими жана тажрыйбасы менен бөлүшөт. Акыркы 11 жылдын ичинде мындай лекцияларга 1700ге жакын студент катышты. Сот 2014-жылдан бери «ачык эшик күндөрүн» өткөрүп келет, анда мыкты студенттер сотко келип, анын ишмердүүлүгү менен тааныша алышат. Студенттердин конституциялык укукка кызыгуусун арттыруу максатында эссе жана башка материалдардын тематикалык конкурстары өткөрүлөт. Бул иш-чаралар студенттерге өздөрүнүн билимдерин жана жөндөмдөрүн көрсөтүүгө, ошондой эле адистерден кайтарым байланыш  алууга мүмкүндүк берет.

 

Тегерек столдо катышуучулар жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоодо, мыйзамдын үстөмдүгүн бекемдөөдө жана социалдык  туруктуулукту камсыз кылууда негизги ролду ойногон билимдүү юристтерди тарбиялоонун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Аягында, билим берүүнүн бардык деңгээлдери үчүн стандартташтырылган программаларды камтыган өз ара аракеттенүү боюнча бирдиктүү планды иштеп чыгуу чечими кабыл алынды. Катышуучулар биргелешкен күч-аракеттер өлкөдө юридикалык  билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана мыйзамдын үстөмдүгүн камсыздоо үчүн бекем негиз түзүүгө жардам берерине ишенимин билдиришти.