Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жана Дүйнөлүк банк электрондук сот өндүрүшүн киргизүүнү талкуулашты

13.06.2024

Бүгүн, 2024-жылдын 13-июнунда  Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда Дүйнөлүк банктын миссиясынын башчысы – мамлекеттик сектор боюнча улук адис Клаус Декер менен жолугушуу болуп өттү. Иш-чарага Конституциялык соттун төрагасы Эмиль Осконбаев, төраганын орун басары Карыбек Дүйшеев, судья Чинара Айдарбекова, аппарат жетекчиси Каныбек Масалбеков, ошондой эле Дүйнөлүк банктын консультанты Уран Эсенгелдиев катышты.

 

Жолугушуунун жүрүшүндө Дүйнөлүк банктын миссиясы тарабынан даярдалган Кыргызстандын сот тутумунун функционалдык баяндамасы боюнча талдоосу жана рекомендациялары менен отчет сунушталды. Бул баяндама сот органдарын санариптик трансформациялоо боюнча мамлекеттин пландарын колдоого багытталган.

 

Конституциялык соттун төрагасы Эмиль Осконбаев конституциялык сот адилеттигинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана жарандардын сот адилеттигине жеткиликтүүлүгүн, анын ичинде  алыскы аймактардагы жарандардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн электрондук сот өндүрүшүн киргизүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ал белгилегендей, технологиялар сот өндүрүшүн тездетет, ошондой эле  процессуалдык документтер менен иштөөнү кыйла ыңгайлуу кылуу менен жарандардын ишенимин арттырат. Бул ишти кароонун мөөнөттөрүн олуттуу кыскартат жана соттор үчүн  да, сот процессинин катышуучулары үчүн да чыгымдарды азайтат.

 

Өз кезегинде Конституциялык соттун судьялары өз сунуштарын айтышты: тактап айтканда, иштерди автоматташтырылган эсепке алуу жана электрондук архив системасын түзүү зарыл экендиги белгиленди, бул зарыл документтерди ыкчам табууга жана талдоого мүмкүндүк берет. Ошондой эле судьялар санариптик инструменттердин натыйжалуу ишке киргизилишин камсыз кылуу жана колдонуу үчүн жаңы технологиялар боюнча сот кызматкерлерин окутууга көңүл бурууну сунушташты.

 

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Конституциялык соттун башчысы чечимдер менен алмашуу боюнча бирдиктүү жана ыңгайлуу программаны иштеп чыгуу үчүн бардык кызыкдар органдардын макулдашыган иш-аракетинин зарылдыгын баса белгиледи, бул жергиликтүү юрисдикциянын судьяларынын сот адилеттигин жүзөгө ашыруусунда Конституциялык соттун чечимдерине жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат.

 

Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү Кыргызстандын сот системасын санариптик трансформациялоонун алкагында кызматташууну улантууга даяр экендигин билдирип, бул иштин сот адилеттигине жетүүнү жакшыртуу жана сот процессинин ачык-айкындуулугун жогорулатуу үчүн маанилүүлүгүн белгилешти.