Меню навигации+

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда өлкөнүн  сот тутумунун 100 жылдыгынын урматына салтанаттуу сыйлоо аземи болуп өттү

12.09.2024

Бүгүн, 2024-жылдын 12-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгынын, Эгемендүүлүк күнүнүн жана Кыргыз Республикасынын сот тутумунун 100 жылдыгынын урматына арналган сыйлоо аземи болуп өттү.

 

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы Эмиль Осконбаев өз сөзүндө бул окуянын маанилүүлүгүн белгилеп, “Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшү биздин соңку тарыхыбызда маанилүү башат болуп, азыркы мамлекеттүүлүктүн калыптанышына негиз салды. Бул окуя СССРдин курамында толук укуктуу республика макамына ээ болууга гана жол ачпастан, өлкөбүздү дүйнөлүк аренада көз карандысыз жашоого даярдады.

 

Кыргыз Республикасынын сот тутумунун жүз жылдыгы ушул маанилүү этап менен тыгыз байланышта. Көз карандысыз сот бийлигинин калыптанышы автономиянын түзүлүшү менен башталган тарыхый процесстердин аркасында гана мүмкүн болду. Бүгүн биз элибиз бул жолду басып өтүп, акыйкаттыкты, мыйзамдуулукту жана ар бир жарандын укуктарынын корголушун камсыз кылуу менен өзүнүн укуктук институттарын бекемдей алгандыгы менен сыймыктанабыз. Биз өткөн тарыхыбызды ар дайым эскеребиз жана  келечекке ишеничтүү карайбыз” – деп белгиледи Э.Осконбаев.

 

Иш-чаранын жүрүшүндө конституциялык сот адилеттигин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн сот тутумунун жана башка институттардын өкүлдөрү Конституциялык соттун ведомстволук сыйлыктары менен сыйланышты.

Ошондой эле жогорку кесипкөй сапаттарды жана сот адилеттигине кызмат кылууга берилгендигин көрсөткөн Конституциялык соттун аппаратынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жана Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин Ардак грамоталары менен сыйланышты.