Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда Эгемендүүлүк күнүнө карата салтанаттуу сыйлоо аземи болуп өттү

Бүгүн, 2025-жылдын 2-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө арналган, ведомстволук сыйлыктар менен сыйлоо аземи болуп өттү.
Конституциялык сот адилеттигин өнүктүрүүгө, ак ниет кызмат өтөөгө жана Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту менен кызматташууга кошкон активдүү салымы үчүн мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, сот тутумунун жана жарандык сектордун өкүлдөрү жогорку сыйлыктар менен сыйланышты.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун «Кызматташтык үчүн» медалы менен төмөнкүлөр сыйланышты:
• Мейил Адилбековна Бегилерова – Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын Адвокаттар кеңешинин төрагасы;
• Мирбек Сатарбек уулу – Бишкек шаардык сотунун төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун “Ак ниет кызматы үчүн” медалына төмөнкүлөр татыктуу болду:
• Карыбек Арстанбекович Дуйшеев – Конституциялык соттун Төрагасынын орун басары;
• Каныбек Толубаевич Масалбеков – Конституциялык соттун аппаратынын жетекчиси;
• Айзада Макеновна Бокоева – Конституциялык соттун аппаратынын каржы-чарба бөлүмүнүн башчысы.
Бир катар судьялар, мамлекеттик органдардын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү Конституциялык соттун Ардак грамотасына татыктуу болушту. Ошондой эле Конституциялык соттун ишмердүүлүгүнө активдүү көмөк жана колдоо көрсөткөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын аскер кызматчыларына жана жарандык сектордун өкүлдөрүнө Алкыш баракчалар тапшырылды.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы Эмиль Жолдошевич Осконбаев салтанаттуу аземде сүйлөгөн сөзүндө, Эгемендүүлүк күнүнө карата өткөрүлгөн сыйлоо – Конституциянын үстөмдүгүн бекемдөөгө, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин коргоого, ошондой эле көз карандысыз сот бийлигинин принциптерин бекемдөөгө салым кошкон адамдардын эмгегин терең баалоонун жана урматтоонун көрүнүшү, – деп белгиледи. Бул баалуулуктар Кыргызстанда демократиялык өнүгүүнүн жана мамлекеттик институттарга болгон ишенимдин негизин түзөт.